БШК жергиликтүү кеңештердин төрт депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

22 января 2021

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 22-январдагы жыйынында Таш-Көмүр шаардык, Кара-Кулжа, Ат-Башы жана Манас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, ваканттык депутаттык орундарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге берүү жөнүндөгү чечимин бекитүү токтомун кабыл алды:

Таш-Көмүр шаары, Жалал-Абад областы:

Таш-Көмүр шаардык кеңешинен, (№5)(“Ата-Журт” депутаттык фракциясынан) - Абдыраманов Кеңешбек Паисбекович ыйгарым укугу жеке арызына байланыштуу токтотулду. Вакантту депутаттык мандат убактылуу иштебеген, (№7)(“Ата-Журт с.п.) Шайдуллаев Расулбек Сагиналиевичке тапшырылды.

Кара-Кулжа району, Ош областы:

Кара-Кулжа айылдык кеңешинен - Алмабашов Майрамбек Тентимишович - ыйгарым укугу жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон кызмат ордуна дайындалганы тууралуу жеке арызы боюнча токтотулду. Ваканттуу депутаттык мандат жеке ишкер, Суюнбеков Кеңешбек Суюнбековичке тапшырылды.

Ат-Башы району, Нарын областы:

Ат-Башы айылдык кеңешинен - Акматалиев Майрамбек - ыйгарым укугу каза болгонуна байланыштуу токтотулду. Ваканттуу мандат Ат-Башы аймактык ооруканасынын экономисти Омокеева Аида Дүйшебаевнага тапшырылды.

Манас району, Талас областы:

Покровка айылдык кеңешинен - Курманбаев Чынгыз Тилекович - ыйгарым укугу каза болгонуна байланыштуу токтотулуп, ваканттуу депутаттык дыйкан чарбасынын мүчөсү. Молдобаев Марс Курманбековичке тапшырылды.

Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, ваканттуу депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге тапшыруу Таш-Көмүр шаардык, Кара-Кулжа, Ат-Башы жана Манас аймактык шайлоо комиссиялары №2 тикремеге ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

КР БШКсы өз чечимин "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү