БШК шайлоо күрөөсүнүн суммаларына байланыштуу маалымдайт
20 января 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көзөмөлдөө-текшерүү тобу КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерден түшкөн шайлоо күрөөлөрүнүн суммалары, алардын талапкерлерге кайтарылчу суммалары жана бюджетке которулууга тийиш болгон сумма жөнүндө маалымат берди. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ченемине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ар бир талапкер БШКнын депозит эсебине 1 млн сом суммасында шайлоо күрөөсүн төктү. Ошого ылайык БШКнын депозит эсебине КР Президентинин кызмат ордуна жыйырма бир талапкерден 21 млн сом суммасында шайлоо күрөөсү түштү.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесине ылайык “Шайлоо күрөөсү Президенттикке талапкерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга төмөнкүдөй учурларда кайтарып берилет:
1) добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алгандарга, алар шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмү жана аны түзгөн бардык булактар, ошондой эле бардык жүргүзүлгөн чыгымдар жөнүндө отчет бергенден кийин;
2) эгерде Борбордук шайлоо комисиясы тарабынан Президенттин кызмат ордуна талапкерди, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;
3) шайлоо бюлеттенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандарга.
Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилет. Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо күрөөлөрүнөн түшкөн каражаттардын суммасы жөнүндө, талапкерлерге жана саясий партияларга кайтарып берилген күрөө каражаттарынын суммасы жана бюджетке чегерилген сумма жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланууга тийиш”.
Конституциялык Мыйзамдын жана КР БШК токтомдорунун жоболорунун негизинде 3 млн сом суммасы төмөнкүлөргө кайтарып берилди:
1. К.А. Чороевге - 25.12.2020-ж. 1 млн сом, КР Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тарткандыгына байланыштуу (КР БШК 14.12.2020 №468 токтому);
2. К.А. Токтосуновго - 15.12.2020-ж. 1 млн сом, КР Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тарткандыгына байланыштуу (КР БШК 12.12.2020 №445 токтому);
3. К.С. Исабековго - 11.12.2020-ж. 1 млн сом, талапкердин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу (КР БШК 06.12.2020 №401 токтому).
Жыйынтыгында 2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо бюллетенине 18 талапкер киргизилди.
2020-жылы 31-декабрда КР БШК №529 токтому менен 2020-жылы 30-декабрда берген арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.Б. Тагаевди каттоо жокко чыгарылды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алган төмөнкү талапкерлердин ар бирине 1 млн сом суммасында шайлоо күрөөсү кайтарып берилүүгө тийиш:
1. С.Н. Жапаров – 79,20%;
2. Мыктыбек Арстанбек – 1,69%
3. К.С. Сооронкулова – 1,00%
4. И.А. Ташов – 1,17%
5. А.К. Сегизбаев - 1,46%
6. А.К. Мадумаров – 6,79%
7. Тольбаев Б.Л. – 2,36%
Калган талапкерлер шайлоочулардын 1 пайыздан кем добуштарын алышты.
Ошентип, БШКнын депозит эсебиндеги 18 млн сом суммасындагы шайлоо күрөөлөрүнүн акча каражаттарынын 7 млн сому аларды төккөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге кайтарып берилүүгө тийиш, ал эми шайлоочулардын 1 пайыздан кем добуштарын алган башка талапкерлердин жана шайлоого андан ары катышуудан баш тарткан талапкер Р.Б. Тагаевдин шайлоо күрөөлөрүнүн 11 млн сом суммасы Кыргыз Республикасынын бюджетине чегерилүүсү керек.
Конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 16-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде Р.Б. Тагаевдин шайлоо күрөөсү кайтарып берилбейт, себеби Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө арызды ал шайлоо бюлеттенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин берди (“2020-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоо бюллетени жөнүндө” КР БШК 21.12.2020 №488 токтому).
“Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” БШК Жобосуна ылайык “Президенттин кызмат ордуна талапкер өз фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана бардык булактары, ошондой эле бардык жумшалган чыгымдар жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына... төмөнкүдөй тартипте... 3) Үчүнчү жыйынтыктоочу каржылык отчет (жыйынды маалыматтар) – добуш берүү күнүнөн кийин 10 күндөн кечиктирбестен отчет берүүгө милдеттүү”.
Мыйзамдардын көрсөтүлгөн ченемдеринин негизинде КР Президентинин кызмат ордуна 17 талапкер өз фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана бардык булактары, ошондой эле бардык жумшалган чыгымдар жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына өз убагында (календарлык план боюнча 2021-жылдын 17-январына чейин) отчет беришти.
Учурда көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин каржылык отчетторун текшерүүдө.
Ачыктык жана каржылык айкындуулукту камсыздоо максатында Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин каржылык отчеттору расмий сайтта жарыяланды. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо күрөөлөрүнөн түшкөн каражаттардын суммасы, Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо күрөөлөрүнүн кайтарылып берилген суммасы жана бюджетке чегерилген сумма тууралуу маалымат жакын арада БШКнын расмий сайтында жарыяланат.
КР БШК маалымат бөлүмү
