КР БШКсы Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана КР референдумунун чыгымдарына тиешелүү алдын ала маалыматты карады

20 января 2021

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтары боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана КР референдумун өткөрүүнү даярдоого жана өткөрүүгө алгачкы жалпы суммасы 728 907,3 миң сом болгон чыгымдардын сметасы бекитилген, алардын ичинен:

  • КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого – 551 671,0 миң сом,
  • КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого кайталап добуш берүүнү өткөрүүгө кошумча смета - 137 290,3 миң сом,
  • КР референдумун өткөрүүгө - 39 946,0 миң сом.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттерде убактылуу жүргөн жарандарынын конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде шайлоо участокторун уюштуруу үчүн, БШК 19 897,6 миң сом өлчөмүндө чыгымдардын сметасын бекиткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча даярдоого жана өткөрүүгө:

  • КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого иш жүзүндө 507 248,1 миң сом чыгымдалган, 168 821 миң сом сарамжал болгон.
  • КР башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга 30 772,0 миң сом чыгымдалып, 2 168,6 миң сом сарамжал болгон.

Эки кампанияга тең иш жүзүндө алдын ала маалымат боюнча 538 020,1 миң сом чыгымдалган. Алдын ала эсеп боюнча 170 989,6 миң сом сарамжалданган.

КР БШКнын Контролдоо-ревизиондук тобу 2021-жылдын 10-январында конституциялык мөөнөттөргө ылайык өткөрүлгөн КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана КР референдумун даярдоо менен өткөрүүгө бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышы, республикалык бюджеттин каражаттарын чыгымдоонун сметасын аткаруу боюнча төмөнкү шайлоо комиссияларын текшерүүнү өткөрөт.  

Бюджеттик каражаттарды чыгымдоо жөнүндө акыркы финансылык отчет КР БШК сайтында, шайлоонун, референдумдун жыйынтыгын жарыялаган күндөн кийин үч айдан кечикпеген убакытта жарыяланат.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү