БШК Сокулук жана Токмок АШК төрагаларына эскертүү берди

20 января 2021

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-январындагы жыйынында, “Клооп Медиа” коомдук фондунун даттануусун жарым-жартылай канааттандыруу жана Сокулук, Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларына шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузгандыгы үчүн эскертүү берүү чечимин кабыл алды.

2021-жылдын 19-январында КР БШКсына “Клооп Медиа” коомдук фондунун өкүлү Ф. Якупбаевадан аймактык шайлоо комиссияларынын аракеттери боюнча арыз түшкөн. Арызда 2021-жылдын 10-январында шайлоо участокторуна мониторинг жасоонун жүрүшүндө “Клооп Медианын” байкоочулары тарабынан “КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 31-35-45-беренелери бузулгандыгы катталган.

Жумушчу топтун жыйынында Ф. Якупбаева жогоруда аталган АШКлар арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө 13-15-январда чечим кабыл алышкан, ал ортодо коомдук фондго бул арыздар 16-январда гана жиберилген. Бул иш жүзүндө документтер менен бекемделди.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул арыздар боюнча Сокулук АШКнын 13-январдагы №75-чечимине жана Токмок АШКнын 15-январдагы №51-чечимине арыздануучу даттанып жаткандыгын белгилейт.

Конституциялык мыйзамдын 44-беренесинин 7-бөлүгү боюнча “Арыздар (даттануулар) шайлоо процессинин катышуучусуна анын шайлоо укуктары бузулгандыгы, чечим кабыл алуу, аракет жасоо (аракет жасабоо) жөнүндө белгилүү болгон убактан тарта дароо, бирок 3 календарлык күндөн кеч эмес убакта берилет”.

Ошол эле убакта конституциялык мыйзамдын 44-беренесинин 8-9-бөлүктөрү боюнча, “Шайлоону даярдоонун жүрүшүндө түшкөн арыздар (даттануулар) шайлоо комиссиялары же соттор тарабынан алар түшкөндөн кийинки 3 күндүк мөөнөт ичинде каралууга тийиш, ал эми добуш берүү күнүндө же анын алдыңкы күнүндө түшкөн арыздар кечиктирилбестен каралат. Эгер шайлоону даярдоонун жүрүшүндө түшкөн арыздардагы (даттануулардагы) фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечимдер 5 күндөн кеч эмес убакытта кабыл алынат. Чечим кабыл алган органдын колу коюлуп мөөрү басылган чечими кат жүзүндө арыздануучуга дароо тапшырылат”.

Жогоруда келтирилгендерди эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясы, аймактык шайлоо комиссиялары чечимдерди кабыл алган соң мөөрдү басып дароо арыздануучуга тапшыруулары зарыл болгондугун белгилейт.

Келтирилгендердин негизинде, “КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 45-беренесин, “КР референдуму жөнүндө” КР конституциялык мыйзамын, “КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алуу менен, КР БШКсы “Клооп Медиа” коомдук фондунун 19-январдагы даттануусун жарым-жартылай канааттандыруу чечимин кабыл алды.

Шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузгандыгы үчүн Сокулук жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларына эскертүү берилди.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү