БШК К.С. Асановдун маалыматын эске алды

20 января 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-январындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Асановдун ыйгарым укуктуу өкүлү А. Нурбек кызынын 2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө арызын карады.

Арызда, анын ичинде төмөнкүлөр билдирилет, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Асанов үчүн:

  • №5319 шайлоо участогунда эң аз дегенде 9 адам (алардын аты-жөндөрү көрсөтүлөт) добуш берүүгө тийиш эле, бирок АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтары боюнча К.С. Асанов үчүн бардыгы 4 шайлоочу добуш берген;
  • №5320 шайлоо участогунда эң аз дегенде 6 адам (алардын аты-жөндөрү көрсөтүлөт) добуш берүүгө тийиш эле, бирок АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтары боюнча К.С. Асанов үчүн бардыгы 1 шайлоочу добуш берген;
  • № 5559 шайлоо участогунда эң аз дегенде 15 адам (алардын аты-жөндөрү көрсөтүлөт) добуш берүүгө тийиш эле, бирок АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтары боюнча К.С. Асанов үчүн бардыгы 7 шайлоочу добуш берген;

Арыз ээси аты-жөндөрү арызда көрсөтүлгөн адамдардын түшүнүк каттарын тиркеген.

Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ арызды карап, материалдарды изилдеп, төмөнкүлөрдү белгилейт: Ош шаарындагы №5319, №5320, №5559 шайлоо участокторунда добуш берүүгө «Клооп Медиа» коммерциялык эмес уюмунан коомдук байкоочулар, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер А.К. Мадумаровдун, Б.Л. Тольбаевдин жана С.Н. Жапаровдун байкоочулары байкоо жүргүзгөн, алардан добуштарды саноо процессине сын-пикирлер, добуштарды кайра саноо талаптары түшкөн эмес.

Ошону менен бирге, конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык “Кыргыз Республикасында шайлоо жашыруун добуш берүү менен, жалпыга тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасында шайлоо республиканын жарандарынын өздөрүнүн шайлоо укуктарын эркин жана ыктыярдуу жүзөгө ашырууларына негизденет. Жарандарды шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында, ошондой эле өз эрктерин эркин билдирүүлөрүндө аларга таасир тийгизүүгө эч кимдин укугу жок”.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош шаарындагы №5319, №5320, №5559 шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноону жүргүздү.

КР БШК арызда көрсөтүлгөн фактылар боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу арыз ээсине маалымат берүү чечимин кабыл алды.

Ошондой эле КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Асановго шайлоочулардын добуш берүүсүнүн купуялыгын бузууга жол берилбестигин жана АШК жана УШК чечимдерин мыйзамдарда белгиленген тартипте даттануу тартибин сактоо зарылдыгын көрсөттү.

 

КР БШК маалымат бөлүмү