Ош шаарынын үч шайлоо участогунда шайлоочулардын добуштары кайра саналат

20 января 2021

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 20-январындагы жыйынында, Ош шаарындагы №5319-5320-5559-шайлоо участокторунда шайлоочулардын добуштарын кайра саноо чечимин кабыл алды.

КР БШКга КР Президенти кызматына талапкер К. Асановдун ыйгарым укуктуу өкүлү А. Нурбек кызынан 2021-жылдын 10-январында болуп өткөн КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарынын бузулушу тууралуу арыз түшкөн.

Арызда булар менен бирге КР Президенти кызматына талапкер К. Асанов үчүн:

- №5319-шайлоо участогунда аз дегенде 9 адам (алардын аты-жөнү көрсөтүлөт) добуш бериши керек эле, бирок АСУнун жана кол менен эсептөөнүн маалыматы боюнча К. Асанов үчүн болгону 4 шайлоочу добуш берген;

-№5320-шайлоо участогунда аз дегенде 6 адам (алардын аты-жөнү көрсөтүлөт) добуш бериши керек эле, бирок АСУнун жана кол менен эсептөөнүн натыйжасында К. Асанов үчүн болгону 1 шайлоочу добуш берген;

- №5559-шайлоо участогунда аз дегенде 15 адам (алардын аты-жөнү көрсөтүлөт) добуш бериши керек эле, бирок АСУнун жана кол менен эсептөөнүн аркасында болгону 7 шайлоочу К. Асанов үчүн добуш берген.

Арыздануучу арызда аты-жөнү көрсөтүлгөн адамдардын түшүндүрмөлөрүнүн көчүрмөсүн да тиркеген.

КР БШКнын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу бул арызды карап жана материалдар менен таанышып чыгып, буларды белгилейт: Ош шаарындагы №5319-5320-5559-шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жүрүшүнө жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө процессине “Клооп Медиа” коммерциялык эмес уюмунан коомдук байкоочулар, КР Президенти кызматына талапкерлер А. Мадумаровдун, Б. Тольбаевдин жана С. Жапаровдун байкоочулары көз салып турушканын, алардан добуштарды эсептөөнүн жүрүшүндө эскертүүлөр түшпөгөнүн жана добуштарды кайра саноо талаптары болбогонун билдирет.

Ошол эле учурда конституциялык мыйзамдын 2-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасында шайлоолор жалпы тең жана түз шайлоо укугунун негизинде купуя добуш берүү мене өткөрүлөт. Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жарандардын өз шайлоо укуктарын эркин жана ыктыярдуу ишке ашыруусуна негизделет. Эч ким жарандарга аларды мажбурлоо менен шайлоого катышуу же катышпоосуна, ошондой өз эркине таасир көрсөтүүгө укугу жок”.

Ушуга байланыштуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаарындагы №5319-5320-5559-шайлоо участокторунда добуштарды кайра эсептөө чечимин кабыл алды.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 36-беренесин, “КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алуу менен, Ош аймактык шайлоо комиссиясына Ош шаарындагы №5319-5320-5559-шайлоо участокторунда шайлоочулардын добуштарын кайра эсептөөнү КР БШК мүчөсүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен кайра өткөрүү тапшырылды. 

КР БШКсы КР Президенти кызматына талапкер К. Асановдун аракеттерине укуктук баа берүү үчүн, материалдарды укук коргоо органдарына жиберет.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү