Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы «Клооп Медиа» КФнын даттануусун карады
18 января 2021
2021-жылы 16-январда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берүү күнү шайлоо участокторунда АЭУ ишиндеги үзгүлтүктөр жана башка бузуулар жөнүндө «Клооп Медиа» коомдук фондунун (КФ) даттануусун карады.
Даттануусунда «Клооп Медиа» КФ “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 9, 31, 35-беренелерин бузуулар болгонун көрсөткөн.
Ушуга байланыштуу «Клооп Медиа» КФ Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан УШК төрагаларынын иш-аракеттерин мыйзамга ылайык эмес деп таанып, аталган шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну өтүнөт.
Иштин материалдарын изилдеп, «Клооп Медиа» КФ өкүлүнүн түшүндүрмөсүн угуп, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй чечимге келди.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-1-беренесине ылайык, ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары укуктук мааниге ээ болбогон алдын ала маалымат болуп саналат, Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөнүнө жараша анын расмий сайтына токтоосуз жайгаштырылат.
Мында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 4-бөлүгүнүн жетинчи абзацына ылайык, “мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алышат. Арыздар (даттануулар) жүйөлүү болуп, аларга негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш”.
Бул маселени калыс кароо үчүн жыйналышка №№1112, 1155, 1324 УШК төрагалары чакырылды, алар добуш берүүнү жүргүзүүдө, жыйынтыктарды чыгарууда, ошондой эле автоматтык эсептөөчү урналардын иштөөсүндө участкалык шайлоо комиссиялары тараптан шайлоо мыйзамдарын, атап айтканда, жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 9, 31, 35-беренелерин кандайдыр бир бузуулар болбогону жөнүндө түшүндүрмө беришти. УШКлардыш ишинде кандайдыр бир бузуулар болбогону жөнүндө «Клооп Медиа» КФнын катталган коомдук байкоочулары кол койгон актылар, ошондой эле «Клооп Медиа» КФ кийин аракеттерине даттануу берген УШКларга ыраазычылык билдирген каттар бар.
«Клооп Медиа» КФнын даттануусу боюнча калыс жана ачык-айкын чечим кабыл алуу максатында Бишкек АШК жыйналышында «Клооп Медиа» КФ кошумча берген бардык фото жана видео-файлдар каралды, ошондой эле ар бир шайлоо участогу боюнча сын-пикирлер эки тараптуу негизде кылдат изилденди.
Талкуунун жыйынтыгында «Клооп Медиа» КФ өкүлдөрү тарабынан даттанууда көрсөтүлгөн Бишкек шаарындагы бардык шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу бөлүгүндөгү дооматтарынан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Ошол эле учурда «Клооп Медиа» КФ өкүлдөрү тарабынан Бишкек шаарындагы 12 УШК мүчөлөрү менен АЭУ операторлорунун урнадан аралыкта туруусу, стационардык урналарды пайдалануусу жана урналарды пломбалоо жаатында түшүндүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүү сунушталды.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Клооп Медиа» КФ өкүлдөрү тарабынан даттанууда көрсөтүлгөн Бишкек шаарындагы бардык шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу бөлүгүндөгү дооматтарынан баш тартуусун эске алып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын АЭУ операторлорунун урнадан аралыкта туруусу, стационардык урналарды пайдалануусу жана УШКлардын бир катар мүчөлөрү менен урналарды пломбалоо жаатындагы айрым ченемдерин бузууга жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү боюнча иш-чараларын өткөрүүнү чечти.





КР БШК маалымат бөлүмү
