ТүркПА Миссиясы: Шайлоо демократиялык жана эл аралык шайлоо стандарттарын сактап өткөрүлдү

11 января 2021

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясы Эл аралык байкоочулар миссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо референдуму боюнча

 

Билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (Парламентинин) чакыруусу менен Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) Эл аралык байкоочулар миссиясы (мындан ары - Миссия) Кыргыз Республикасында 2021-жылдын 10-январында өтө турган Президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга кыска мөөнөттүү мониторинг жүргүздү. Миссиянын курамына Азербайжан жана Түркия парламенттеринин мүчөлөрү, ошондой эле ТүркПА Катчылыгынын дипломатиялык кызматкерлери кирген (Миссиянын тизмесин караңыз).

 

Кыргыз Республикасында Президенттик шайлоолор жана референдумдар биринчи кезекте Конституция, Президенттик жана парламенттик шайлоолор жөнүндө Конституциялык Мыйзам (Шайлоо жөнүндө мыйзам акыркы жолу 2020-жылы өзгөртүлгөн), референдум жөнүндө Конституциялык Мыйзам (акыркы жолу 2019-жылы өзгөртүлгөн), Шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзам (акыркы жолу 2019-жылы өзгөртүлгөн), кылмыш жана административдик кодекс жана Борбордук шайлоо комиссиясынын регламенти менен жөнгө салынат.Кыргызстан адам укуктары жана шайлоо боюнча эл аралык жана регионалдык негизги келишимдердин катышуучусу болуп эсептелет. Кыргызстан БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын (CRPD) ратификациялаган.

 
Шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК), 54 аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) жана 2462 участкалык шайлоо комиссиясы (УШК) өткөрөт. Өлкөдөн тышкары добуш берүү 48 шайлоо участкасында болуп, 35575 шайлоочу катталган. БШК - шайлоо жана референдумдарды уюштурууга жооптуу туруктуу орган. БШКнын 12 мүчөсү парламент тарабынан президенттин, парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын сунушу боюнча беш жылдык мөөнөткө дайындалат, алардын ар бири 4 мүчөдөн талапкер көрсөтүшөт.
 
COVID-19 пандемиясынан улам БШКнын Регламентине киргизилген өзгөртүүлөрдүн  негизинде, БШКнын отурумдары онлайн режиминде өткөрүүгө жана БШК мүчөлөрүнүн жана катчылыгынын аралыктан иштөөсүнө мүмкүнчүлүк жаралды. Мындан тышкары, БШК Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте добуш берүү процедураларына байланыштуу илдеттин жайылышына каршы  шайлоо участкаларындагы социалдык дистанцияны уюштуруу жана шайлоо органдарынын кызматкерлерин жана шайлоочуларды жеке коргоо каражаттары менен камсыз кылуу боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыккан.
 
Жалпысынан президенттикке 17 талапкер көрсөтүлгөн, анын ичинде бир аял бар. Алардын көпчүлүгүн 35 жаштан 55 жашка чейинки курактагылар түзгөн. Бардык талапкерлер өз алдынча көрсөтүлөт, ал эми Конституция талапкерлердин өз алдынча жана саясий партиялар тарабынан көрсөтүлүшүнө жол ачат. Шайлоо мыйзамына ылайык, эгерде биринчи турда бир дагы талапкер добуштардын жарымынан көбүн ала албаса, эң көп добушка ээ болгон эки талапкердин ортосунда 20 күндүн ичинде добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
Үгүт иштери 15-декабрда башталып, 9-январда добуш берүүгө 24 саат калганда аяктаган. COVID-19 пандемиясынан улам, катышуучулар ар кандай үгүт каражаттарын, анын ичинде социалдык тармактарды колдонушкан. Натыйжада, талапкерлер жигердүү онлайн өнөктүгүн жүргүзүпкеңири аудитория менен баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты, шайлоочулар талапкерлердин шайлоо платформалары, алардын максаттары жана милдеттери жөнүндө кеңири маалымат алышты.
Миссия Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушту. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө Миссияга президенттик шайлоого жана референдумга даярдык көрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө кеңири маалымат берилди.
Шайлоо күнү Миссия өлкөнүн борбор шаары Бишкектеги бир катар шайлоо участкаларында болуп, шайлоо участкаларынын ачылышынан баштап, добуштарды эсептөөгө чейинки бардык этаптарда добуш берүү процессине байкоо жүргүздү. Миссия добуш берүүнүн жүрүшүн байкап, шайлоочулар, шайлоо участкаларынын кызматкерлери жана жергиликтүү байкоочулар менен баарлашууга мүмкүнчүлүк алды. 
БШКнын маалыматы боюнча, президенттик шайлоочулардын катышуусу болжол менен 39,75%, референдумга 39,88% түздү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары сөз жана басма сөз эркиндигине кепилдик берип, жалпыга маалымдоо каражаттарынан бардык катышуучуларды калыс жана бирдей чагылдырууну талап кылат. Шайлоо жөнүндө мыйзамда Президенттикке талапкерлердин үгүт иштери жана бош убактысы боюнча кеңири аныктама берилген. Ошол эле учурда, Мыйзам бардык телерадиокомпанияларды талапкерлерди жана саясий партияларды үгүттөө үчүн акы төлөнүүчү эфирдик убакытты сактоого милдеттендирет.
БШК тарабынан аккредитацияланган жалпыга маалымдоо каражаттары гана шайлоо иш-чараларын жана саясий өнөктүктөрдү чагылдырууга, ошондой эле жарнамалык эфирдик убакытты жана мейкиндикти атаандаштарына сатууга укуктуу. Бул контекстте жалпыга маалымдоо каражаттарындагы эфирдик убакыт бардык катышуучуларга адилеттүү бөлүштүрүлүп, үгүт иштери бирдей чагылдырылды.
Миссия Кыргыз Республикасында шайлоого байланыштуу демократиялык стандарттарды иштеп чыгууда маанилүү жетишкендиктерди белгилейт. Мындан тышкары, 2018-2020-жылдарга карата шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясында Кыргыз Өкмөтүнүн элдин эркин демократиялык жол менен чагылдырууга комплекстүү концептуалдык мамилеси чагылдырылган. Стратегиянын өзү шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук мамилелерин жана шайлоо мыйзамдарынын бузулушун четтетүү, жарандардын шайлоо процесси жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, алардын укуктук маданиятын жогорулатуу, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана республиканын чегинен тышкары жүргөн жарандардын катышуу, ошондой эле жер-жерлерде шайлоо комиссияларынын ишинин потенциалын жана натыйжалуулугун жогорулатуу механизмдерин ар тараптуу жөнгө салат.
Миссия мыйзамдарга киргизилген акыркы түзөтүүлөр Кыргызстандагы шайлоо демократиялык стандарттарын бекемдөөгө кызмат кылгандыгын өзгөчө белгилейт. Алардын катарында - талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсүн кайтаруу босогосун төмөндөтүү, үгүт иштерине ыктыярдуу адамдарды тартуу, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу, онлайн маалымат каражаттарында үгүт иштери, байкоочулардын укуктары жана добуш сатып алуу үчүн жоопкерчилик сыяктуу өзгөртүүлөрдү атап кетсе болот. Мындан тышкары, Миссия кайталап шайлоону өткөрүүгө мүмкүндүк берген жоболорду токтото туруу жана өлкө ичиндеги шайлоочулар үчүн шайлоо дарегин өзгөртө албоо сыяктуу түзөтүүлөрдүн кабыл алынышы жалпы шайлоо процессин жөнөкөйлөтөт деп эсептейт.
Референдум жөнүндө конституциялык Мыйзам жана ага киргизилген ачык-айкындуулук жана жашыруун добуш берүү сыяктуу акыркы толуктоолор, жалпы элдик добуш берүүнүн негизги демократиялык принциптерин бекемдейт. Мындан тышкары, Конституциялык Мыйзамда референдум учурунда шайлоо өткөрүүнүн үгүт эрежелери жана процедуралык аспектилери, ошондой эле референдумга коюлбай турган маселелердин тизмеси так аныкталган. Миссия Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын
10-декабрында кабыл алынган “Мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо жөнүндө” мыйзам Конституциянын жана Референдум жөнүндө мыйзамдын тиешелүү жоболорун бекемдегендигин баса белгилейт.
Миссия президенттик шайлоо жана референдум тынч жана ошол эле учурда күчтүү атаандаштык шартында өткөндүгүн жана бардык институттар жана шайлоо процессинин катышуучулары карманган демократиялык баалуулуктардын бекем негизин көрсөткөндүгүн баса белгилейт.Талапкерлер өздөрү дагы бул шайлоодо үгүт өнөктүгүнүн эрежелерин сактоо менен жогорку саясий маданиятты көрсөтүштү.Шайлоо процессинин өзү ар кандай пикирлердин жана плюрализмдин мүнөздөмөсү менен талапкерлерге мыйзамдуу даттануу үчүн бардык керектүү шаймандарды берди.
Миссия добуш берүү процессинде жогорку технологияларды, анын ичинде шайлоо участкалары жабылгандан кийин дароо шайлоо жыйынтыгын алууга мүмкүнчүлүк берген биометрикалык маалыматтарды, шайлоо бюллетендерин сканерлөө жана эсептөө үчүн электрондук добуштарды эсептөө жабдууларын колдонгонун жогору баалайт. Миссия көпчүлүк шайлоо участкаларында мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын пандустар менен камсыз болуусун, ошол эле учурда БШК тарабынана угуу жана көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн билим берүүчү материалдар менен камсыз болуусун жогору баалайт.
Миссия БШК тарабынан шайлоочуларга шайлоо жана референдум жөнүндө ар тараптуу маалымат берилүүсү, ошондой эле укук коргоо органдары үчүн тренингдерди өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жогору баалайт. Шайлоо күнү пандемияга байланыштуу иш-чараларга байланыштуу, Миссия шайлоо органдарынын бул жаатта аткарган мыкты ишин жана шайлоочулардын эрежелерди сакташын жогору баалайт. Миссия бул чаралар шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүнө тоскоол болбогонун баса белгилейт.
Миссия белгилеген бир топ жакшыртуулардын бири чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандарына добуш берүүнү жеңилдетүү болду. Бул аспект шайлоону жана референдумду өткөрүү үчүн Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө, мурунку шайлоолор менен салыштырганда шайлоо участкаларынын саны өсүп, 48 шайлоо участкалары түзүлгөндүгү менен тастыкталат, Ошентип, миңдеген кыргыз жарандары коңшу жана башка өлкөлөрдө добуш бере алышты.
Мыйзамдар атаандаш партиялардын, жарандардын жана эл аралык байкоочулардын шайлоону байкоо жүргүзүүсүн шайлоо процессинин бардык этаптарында жүзөөгө ашырууну камсыз кылат. Бардык байкоочулар шайлоо органдарын түзүүдөн баштап, шайлоочуларды каттоого чейинки бардык этаптарда добуш берүү процессине байкоо жүргүзүү укугуна ээ.
Миссия Кыргызстандагы шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн түзүлгөн укуктук жана материалдык-техникалык шарттарды жогору баалайт. Миссия өз ишинде ТҮРКПАнын шайлоону байкоо жөнүндө Регламентине жана тийиштүү эл аралык документтерге ылайык объективдүүлүк, калыстык, ачыктык жана бейтараптуулук принциптерин карманган.
Миссия 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоо жана Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум демократиялык жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өткөрүлдү деген тыянакка келди.