2021-жылы 10-январда саат 12.00гө карата чет өлкөлөрдө 4 704 кыргызстандык добуш берди

10 января 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча саат 14.00гө карата чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн 4 704 кыргызстандык добуш берди.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын саны 49 479 жаранды түзөт.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын санынын өсүшү 2020-жылдын 4- октябрына салыштырганда 16 877 жаранды (же 52%) түздү.

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумуна дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу түзүлгөн.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо дүйнөнүн 26 өлкөсүндө 36 шайлоо участогу болгон.

КР БШК Маалыматтык бөлүм