БШК эскертет: Кыргызстандыктар талапкерлерлин программалары менен https://talapker.shailoo.gov.kg/ ресурсу аркылуу тааныша алышат

10 января 2021

Бүгүн 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президенттигине 17 талапкерге добуш берүү жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерден 65 арыз келип түшкөң, анын ичинен 8 аял жана 57 эркек талапкерликке көрсөтүлгөн.

өз талапкерлигин 64 жаран өзүн- өзү көрсөтүү жолу менен 1 жаран партия тарабынан көрсөтүшкөн.

Баарлык талапкерлер Кыргыз Республикасынын жарандыгы мыйзамдарынын талабына жооп берет. Президенттик жарыштан кандайдыр бир себептер менен 48 талапкер чыгып кетишкен.

Талапкерлердин-биографиясын, программасын, шайлоо фондусу жана анын колдонулушу боюнча маалыматтарды https://talapker.shailoo.gov.kg/ ресурсунан көрүүгө болот.

КР БШК Маалыматтык бөлүм