Добуш берүү күнүн чагылдырууга 300дөн ашуун ЖМКнын өкүлдөрү КР БШКсынан аккредидацияланган
10 января 2021
2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону чагылдырууга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдында дүйнөдөгү 11 өлкөсүнөн жалпыга маалымдоо каражаттарынан 92 өкүл аккредитацияланган.
КРнын ТИМи 2020-жылдын 30-декабрына карата төмөнкү өлкөлөрдүн өкүлдөрүн акрредитациялаган: Россия – 33, Япония – 5, Великобритания – 14, АКШ – 1, Франция – 5, Катар – 4, Германия – 19, Украина – 1, Таджикстан – 2, Белоруссия – 4, Азербайджан – 4 ЖМК өкүлдөрү.
Ошондой эле КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону чагылдырууга Кыргызстандын ЖМКларынын 217 өкүл, референдумду чагылдырууга КРнын ЖМКсынан – 51 өкүл аккредитацияланган.
