Ыкчам чара көрүү Координациялык тобу келип түшкөн сигналдардын саны боюнча маалымат берди
10 января 2021
Бүгүн, 2020-жылдын 10-январында БШКнын Ыкчам чара көрүү Координациялык тобу, ИИМ менен КРнын Башкы прокуратурасы менен биргелешкен пресс-конференцияда үгүт мезгилиндеги шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө бузуулар жөнүндө түшкөң сигналдар боюнча маалымдады.
БШКнын мүчөсү Т.Шайназаров, «Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумга даярдык көрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү Координациялык тобуна 61 билдирүү келип түшкөн.
Алардын ичинен маалыматты каттоо журналына (МКЖ) катталгандар– 39 маалымат, анын ичинен 32си тастыкталган жок.
Кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталгандары – 10, анын ичинен 5и кылмыш курамы жоктугунан иликтөө токтотулган.
КР БШК Маалыматтык бөлүм