Добуш берүү үчүн 3 567 138 бюллетень даярдалды

10 января 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берүү үчүн 3 567 138 бюллетень даярдалды.

Мындан тышкары, Брайль тамгасы менен ар бир добуш берүүгө 4 948 бюллетень даярдалды. Бардык шайлоо участокторунда азиз шайлоочулардын бюллетендерди толтурушу үчүн трафареттер каралган.

Бюллетендер эки түстө даярдалды. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын тизмеси жана референдумдун катышуучуларынын тизмеси 10-январга карата мазмуну боюнча иденттүү, шайлоого жана референдумга катышуучулардын санын эсепке алуу добуш берүү күнү өз өзүнчө жүргүзүлөт.

Шайлоо бюллетенинин коргоо даражасы абдан жогору, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди таанып окушу үчүн ага атайын коргоочу боёк берилет.

КР БШК конституциялык мыйзамдын талаптарын бузуп, шайлоо комиссияларынын орун-жайынан шайлоо бюллетендерин алып чыгууга, ошондой эле алардын көчүрмөсүн алууга жана таратууга  тыюу салынарын эскертет.

КР БШК маалымат бөлүмү