Шайлоочулардын эң көп саны Ош областында жашайт
10 января 2021
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын референдумуна 3 563 574 шайлоочу шайлоочулардын тизмесине катталган.
Шайлоочулардын эң көп катталган саны Ош областында - 722 933 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 20%.
Шайлоочулардын саны боюнча экинчи орунда – Жалал-Абад областы (666 695 жаран), үчүнчү – Чүй областы (591 818 жаран)
КР БШК Маалыматтык бөлүм
