Бүгүн Кыргызстанда – жымжырттык күнү
09 января 2021
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда б.а. бүгүн – 9-январда токтоду.
Талапкерлер, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары мыйзам талаптарын бузган учурда шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкерлер, шайлоо процессинин каалаган катышуучусу укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселе менен укук коргоо органдарына, сотко кайрылууга укуктуу.
Укук коргоо органдары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу боюнча чара көрүүгө жана тиешелүү шайлоо комиссиясына көрүлгөн чаралар жөнүндө токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/submit/ URL-дареги боюнча ар бир пайдалануучу электрондук кайрылуу жөнөтүп, берилген арызга онлайн режиминде байкоо жүргүзө аларын эске салат, электрондук кайрылуу жөнөтүү жол-жобосу мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүлгөң, көп убакытты талап кылбайт.
КР БШКнын расмий сайтында “Даттануулар жана бузуулар реестри” иштөөдө, анда шайлоочулардын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз, кайрылуулары онлайн режиминде жарыяланып турат.
КР БШК маалымат бөлүмү
