БШК Россиянын Саха Республикасындагы (Якутия) жана Жумгал районундагы айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
08 января 2021
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 8-январдагы жыйынында, Россия Федерациясынын Саха Республикасындагы (Якутия) жана Нарын облусунун Жумгал районундагы төмөнкү шайлоо участокторунун даректерин алмаштырууга токтом кабыл алды:
- Россиянын Саха Республикасынын (Якутия) аймагындагы КРдин РФдагы элчилигинин канцеляриясынын Якутск шаары, Ленин проспекти 58в имаратынан №9006-шайлоо участогу, Поярков көчөсү 4, А. Е. Кулаковский атындагы достук үйүнүн АУ РС имаратына көчүрүлдү.
- Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылдык аймагындагы №4114 шайлоо участогу А. Өмуралиев атындагы көчө 1 дарегинде жайгашкан №26-кесиптик лицейдин имаратынан, Рыскул уулу Абаскан көчөсү 24-б дарегиндеги О. Ногойбаев атындагы орто мектептин имаратына көчүрүлдү.
Токтом Бишкек жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо жана шайлоо участогунда жылуулуктун жоктугуна байланыштуу айрым шайлоо участокторунун даректерин алмаштыруу жөнүндөгү чечимдеринин негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" мыйзамынын 18-беренесине, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-4-пункттарына ылайык кабыл алынды.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына КР РФдагы элчилиги менен бирге Якутск шаарында жана Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо учактокторунун даректери алмаштырылгандыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
