БШК төрайымы менен түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинен (ТТМК) эл аралык байкоочулар миссиясынын жолугушуусу болуп өттү
07 января 2021
ТТМК башкы катчысынын орун басары, миссиянын башчысы Мирвохид Азимов менен жолугушууда БШК төрайымы Н. Шайлдабекова 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана КР референдумуна даярдыктын жүрүшү жөнүндө айтып берди.
Добуштарды сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу менен шайлоонун туура эмес өтүшүнө алып келген мурдагы шайлоо кампаниясынан сабак алуу менен, КР БШКсы шайлоо процессинин жүрүшүндөгү мыйзам бузууларга көңүл буруу жана алардын алдын алуу боюнча өкмөт жана укук коргоо органдары менен иштешүүнү жолго койгон.
Шайлоо процессинин учурунда мыйзам бузууларга ыкчам аракет кылуучу координациялык топко Башкы прокуратуранын, ИИМдин жана УКМКнын өкүлдөрү кирип, анын иши сапаттык жактан жогорку деңгээлде жүрүп жатат.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана эсептөөнүн ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу жетишилгендигине карабастан, шайлоо процессинде талапкерлер менен шайлоочулардын өз ара мамилеси кала берүүдө. Шайлоону уюштуруп жаткан орган катары КР БШК өз тарабынан процесстин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн колунан келген бардык чараларды аткарып жатат. Добуштарды сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, кысым көрсөтүү жана коркутуулар менен бардыгы бирге күрөшүүсү керек.
М. Азимов мырза өз сөзүндө ТТМК миссиясы Кыргызстандагы окуяларга зор кызыгуу менен байкоо жүргүзүп жатышкандыгын билдирди. Кыргызстан ТТМК негиздөөчүлөрүнүн бири болуп эсептелет.
ТТМК өкүлдөрү шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүдө аймактагы башка мамлекеттерге салыштырганда Кыргызстандын шайлоо системасы бир топ өнүккөндүгүн айтышты. “КР БШКсы тарабынан уюштуруучулук-аткаруучулук чоң иштер аткарылды. Шайлоо өткөрүүнүн башкы максаты шайлоонун жыйынтыгы менен өлкөдө консенсуска жана стабилдүүлүккө жетишүү” экендигин баса белгиледи М. Азимов.
Жолугушуунун аягында ТТМК миссииясы президентти шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрүп алууну каалады. “Алдыда турган шайлоо кампаниясы өлкөнүн өнүгүүсүнө кызмат кылат деп ойлойм” деп сөзүн аяктады М. Азимов.






