БШК шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү
07 января 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 28-декабрындагы жыйналышында Ош областынын Ноокат районунун аймагындагы №5561 шайлоо учасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө токтом кылды:
Ош шаарынын аймагындагы № 5551 шайлоо участкасынын дареги Ишматов көчөсү, 46 дарегиндеги «Нихол» дүкөнүнүн имаратынан Р. Жунусов көчөсү, 42 дарегиндеги мурдагы жеке тиш дарылоо клиникасынын имаратына өзгөртүлсүн.
Токтом Ош аймактык шайлоо комиссиясынын № 5551 шайлоо участкасынын жылуулуктун жоктугуна байланыштуу дарегин өзгөртүү жөнүндө 2021-жылдын 6-январындагы № 11/1 чечимдин негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 18-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
