Бир катар КЭУ референдумда байкоо жүргүзүү ниети тууралуу БШКга билдирди

06 января 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-январындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу төмөнкү коммерциялык эмес уюмдардан КР БШКга түшкөн билдирүүсүн эске алууну чечти.

- «Коомар Медиа» коомдук фонду;

- «Kloop Media» (Клооп Медиа) коомдук фонду;

- «Тынчтык Фонду» коомдук фонду;

- юридикалык жактардын «Таза Шайлоо Ассоциациясы» бирикмеси.

Борбордук шайлоо комиссиясы КР БШК 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү үчүн төмөнкүлөрдү коомдук байкоочу катары  каттоону чечти:

1) юридикалык жактардын «Таза Шайлоо Ассоциациясы» бирикмесинен:

Арыков Тимур Дженишбековичти,

Бова Эдир Исмаровичти,

Айтбаева Чинара Жээнбековнаны;

2) «Тынчтык Фонду» коомдук фондунан:

Даникеев Азим Оскеновичти.

Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүнд» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы №6 Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, коммерциялык эмес уюмдардан түшкөн 2021-жылдын 5-январындагы билдирмелеринин жана жолдомолорунун негизинде кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү