Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат

05 января 2021

4-январда болуп өткөн Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөт башчысын шайлоо тууралуу маалымат.

Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчылыгына бир талапкер Урматбек Искаков жергиликтүү кеңештен көрсөтүлгөн.

Добуш берүүгө Светлая Поляна айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10 катышып, У. Искаков 10 добушка ээ болду.

Ошентип Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Урматбек Искаков шайланды.

БШК Маалыматтык бөлүмү