БШК КР Президенти кызматына талапкер А.Б.Абдылдаевдин ишенимдүү адамдарын каттады
04 января 2021
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 4-январындагы жыйынында КР Президенти кызматына катталган талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө 2021-жылдын 4-январында кириш №01-12/20 келип түшкөн арызы боюнча "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" мыйзамдын 7, 18-беренесине ылайык токтом кылды:
КР Президенти кызматына талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичтин ишенимдүү адамдары катары төмөнкүлөр катталсын:
- Салиев Канатбек Токтоназарович;
- Джумагулов Чолпон Куванчиевич;
- Арстанбеков Ауирдин Арстанбекович.
БШК маалыматтык бөлүмү
