Өлкөдөгү шайлоо участкаларынын 83% пандустар менен жабдылган
06 января 2021
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоонун жүрүшүнүн инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу, анын ичинде атайын жардам каражаттары менен жабдуу жана добуш берүүчү жайга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча тутумдуу(системдүү) саясат жүргүзөт.
Боршайкомдо ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын (ДМЧ) Керектөө картасы туруктуу негизде түзүлүп, ДМЧ шайлоочулардын иш жүзүндөгү так саны эсепке алынат, атайын форматтарды колдонуп ДМЧ шайлоочуларга маалымат берүү уюштурулат.
Учурда 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мөөнөтүнүн алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын Керектөө картасы жаңыланды.
Өткөн 2017-жылдагы президенттик шайлоодо шайлоо участкаларынын үчтөн бири гана пандустар менен жабдылып, КРнын Курулуш нормалары жана эрежелеринин (КН жана Э) 10% на туура келген. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында пандустар менен жабдылган шайлоо участкалары 43%га, августта – 65,7%, сентябрда – 79%, декабрда – 83,4% га жеткен.
Пандустар менен жабдуу дагы 185 участкада муктаждык жок. Бүгүнкү күндө 215 шайлоо участокторунда пандус жок, добуш берүүчү жайга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жумуштары уланууда.
2020-жылдын 1-декабрына карата пандустар тууралуу маалымат
(УШКлардын саны – 2420)
|
№ |
Жайдын аталышы |
УШКнын саны |
Орнотулду |
Пайызы |
Орнотулбаган |
Пайызы |
Зарылдыгы жок |
Пайызы
|
|
|
Бишкек ш. |
233 |
208 |
89,2% |
25 |
10.7% |
0 |
|
|
|
Чүй областы |
406 |
362 |
89,1% |
30 |
7,3% |
0 |
|
|
|
Талас областы |
117 |
109 |
93% |
0 |
0 |
3 |
2,5 % |
|
|
Нарын областы |
171 |
168 |
98,2% |
3 |
1,7% |
0 |
|
|
|
Иссык-Көл областы |
248 |
225 |
90,7% |
13 |
5,2% |
10 |
4% |
|
|
Жалал-Абад областы |
448 |
356 |
79,5% |
61 |
13,6% |
31 |
6,9% |
|
|
Ош областы |
582 |
410 |
70,4% |
62 |
10,2% |
110 |
19% |
|
|
Баткен областы |
215 |
182 |
84,6% |
18 |
8,3% |
17 |
7% |
|
|
2420 |
2020 |
83,4% |
215 |
8,8% |
185 |
7,6% |
|
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын каттоодон өткөн жалпы саны 18 285 адамды түзөт. Анын ичинен:
|
Пандус коюлган шайлоо участкалары жана ДМЧ шайлоочулардын Керектөө картасы жөнүндөгү маалымат |
||||||||||
|
п/н |
Райондор |
УШКлардын саны |
Пандустар |
Керектөө картасы |
ДМЧ шайлоочу |
|||||
|
коюлган |
Коюлбаган |
Зарылдыгы жок |
Ооба |
Жок |
|
|||||
|
|
Бишкек |
|||||||||
|
|
Бишкек ш. |
233 |
208 |
25 |
|
233 |
1419 |
|||
|
|
Ош областы |
|||||||||
|
|
Кара-Суу |
149 |
135 |
2 |
12 |
98 |
51 |
509 |
||
|
2 |
Өзгөн |
103 |
36 |
13 |
54 |
103 |
0 |
156 |
||
|
3 |
Кара -Кулжа |
47 |
19 |
28 |
|
47 |
0 |
47 |
||
|
4 |
Ноокат |
100 |
91 |
0 |
9 |
100 |
0 |
700 |
||
|
5 |
Араван |
47 |
18 |
1 |
28 |
47 |
0 |
206 |
||
|
6 |
Алай |
43 |
37 |
1 |
5 |
43 |
0 |
87 |
||
|
7 |
Чоң- Алай |
17 |
15 |
0 |
2 |
15 |
2 |
7 |
||
|
8 |
Ош шаары |
76 |
59 |
17 |
0 |
70 |
6 |
734 |
||
|
|
Жыйынтыгы: |
582 |
410 (70,4) |
62(10,6) |
110 (19) |
523 (89,8) |
59 (10,2) |
2446 |
||
|
|
Баткен областы |
|||||||||
|
9 |
Кадамжай |
72 |
66 |
4 |
2 |
13 |
59 |
24 |
||
|
10 |
Лейлек |
53 |
42 |
4 |
7 |
53 |
|
332 |
||
|
11 |
Сүлүктү |
13 |
13 |
0 |
0 |
13 |
|
58 |
||
|
12 |
Баткен ш. |
10 |
9 |
1 |
0 |
10 |
|
105 |
||
|
13 |
Баткен району |
46 |
31 |
9 |
6 |
46 |
|
262 |
||
|
14 |
Кызыл- Кыя ш. |
21 |
21 |
0 |
0 |
21 |
|
12 |
||
|
|
Жыйынтыгы: |
215 |
182 (84,6) |
18 (8,3) |
15 (7) |
156 (72,5) |
59 (27,5) |
793 |
||
|
|
Жалал-Абад областы |
|||||||||
|
15 |
Сузак |
114 |
102 |
0 |
12 |
114 |
|
358 |
||
|
16 |
Жалал- Абад ш. |
25 |
25 |
0 |
0 |
25 |
|
25 |
||
|
17 |
Базар- Коргон |
64 |
60 |
1 |
3 |
64 |
|
109 |
||
|
18 |
Ноокен |
53 |
48 |
5 |
|
53 |
|
126 |
||
|
19 |
Чаткал |
15 |
15 |
0 |
0 |
15 |
|
8 |
||
|
20 |
Майлы - Суу |
8 |
5 |
2 |
1 |
8 |
|
8 |
||
|
21 |
Таш- Көмүр ш. |
11 |
11 |
0 |
0 |
11 |
|
9 |
||
|
22 |
Аксы |
59 |
15 |
44 |
|
59 |
|
44 |
||
|
23 |
Токтогул |
35 |
29 |
6 |
0 |
27 |
8 |
99 |
||
|
24 |
Кара- Көл |
9 |
9 |
0 |
0 |
9 |
|
31 |
||
|
25 |
Тогуз -Торо |
15 |
0 |
0 |
15 |
9 |
6 |
15 |
||
|
26 |
Ала- Бука |
40 |
37 |
3 |
|
40 |
|
292 |
||
|
|
Жыйынтыгы: |
448 |
356 (79,5) |
61 (13,6) |
31 (6,9) |
434 (96,8) |
14 (3,2) |
1124 |
||
|
Чүй областы |
||||||||||
|
27 |
Аламудун р-ну |
61 |
60 |
1 |
0 |
60 |
1 |
820 |
||
|
28 |
Токмок ш. |
20 |
15 |
5 |
0 |
20 |
0 |
320 |
||
|
29 |
Жайыл р-ну |
49 |
39 |
0 |
10 |
49 |
0 |
124 |
||
|
30 |
Ысык-Ата р-ну |
69 |
69 |
0 |
0 |
69 |
0 |
1884 |
||
|
31 |
Кемин р-ну |
32 |
31 |
1 |
0 |
32 |
0 |
99 |
||
|
32 |
Москва р-ну |
43 |
41 |
0 |
2 |
43 |
0 |
1041 |
||
|
33 |
Панфилов р-ну |
27 |
25 |
2 |
0 |
27 |
0 |
247 |
||
|
34 |
Сокулук р-ну |
74 |
60 |
12 |
2 |
74 |
0 |
4860 |
||
|
35 |
Чүй р-ну |
31 |
22 |
9 |
0 |
22 |
9 |
122 |
||
|
|
Жыйынтыгы: |
406 |
362 (89,1) |
30 (7,3) |
14 (3) |
396 (86) |
10(2) |
9517 |
||
|
Талас областы |
||||||||||
|
36 |
Бакай-Ата р-ну |
24 |
24 |
0 |
0 |
15 |
9 |
66 |
||
|
37 |
Талас ш. |
10 |
10 |
0 |
0 |
6 |
4 |
11 |
||
|
38 |
Кара-Буура р-ну |
28 |
25 |
3 |
0 |
22 |
6 |
62 |
||
|
39 |
Манас р-ну |
22 |
20 |
|
2 |
16 |
6 |
49 |
||
|
40 |
Талас р-ну |
33 |
30 |
0 |
3 |
26 |
7 |
108 |
||
|
|
Жыйынтыгы: |
117 |
109 (93) |
3 (2,5) |
5(4,2) |
85 (72,6) |
32 (27) |
296 |
||
|
Ысык-Көл областы |
||||||||||
|
41 |
Ак-Суу р-ну |
41 |
41 |
|
|
41 |
0 |
941 |
||
|
42 |
Балыкчы ш. |
16 |
16 |
0 |
0 |
13 |
3 |
47 |
||
|
43 |
Каракол ш. |
25 |
22 |
|
3 |
25 |
0 |
554 |
||
|
44 |
Жети-Өгүзй р-ну |
48 |
41 |
|
7 |
48 |
0 |
114 |
||
|
45 |
Исык-Көл р-ну |
40 |
38 |
2 |
|
40 |
0 |
412 |
||
|
46 |
Тоң р-ну |
37 |
36 |
1 |
|
16 |
21 |
37 |
||
|
47 |
Түп р-ну |
41 |
31 |
10 |
|
32 |
9 |
124 |
||
|
|
Жыйынтыгы: |
248 |
225 (90,7) |
13 (5,2) |
10 (4) |
215 (86,6) |
33 (13,3) |
2229 |
||
|
|
Нарын областы |
|||||||||
|
|
Ак-Талаа р-ну |
21 |
20 |
1 |
|
20 |
1 |
30 |
||
|
48 |
Ат-Башы р-ну |
29 |
29 |
0 |
0 |
25 |
4 |
139 |
||
|
49 |
Нарын ш. |
21 |
20 |
1 |
|
20 |
1 |
66 |
||
|
50 |
Нарын р-ну |
34 |
34 |
0 |
0 |
25 |
9 |
77 |
||
|
51 |
Кочкор р-ну |
37 |
37 |
0 |
0 |
35 |
2 |
106 |
||
|
|
Жумгал р-ну |
29 |
28 |
1 |
|
19 |
10 |
43 |
||
|
|
Жыйынтыгы: |
171 |
168 (98,2) |
3 (1,7) |
|
144 (84,2) |
27 (15,7) |
461 |
||
|
|
Өлкө боюнча жалпысы: |
2420 |
2020 (83,4) |
215 (8,8) |
185 (7,6) |
2186 (90,3) |
234 (9,6) |
18285 |
||
Керектөө картасындагы маалыматтар ДМЧ шайлоочуларга жашаган жеринен добуш берүүчү жайга социалдык таксилердин каттамдарын жеткиликтүү уюштуруу, ыктыярчыларды, сурдокотормочуларды, жардам кнопкасын орнотууну уюштуруу ж.б. камсыздоо жана тиешелүү чараларды көрүү ЖӨБО жана мамлекеттик органдардын аймактык башкармалыктарына өткөрүлөт.
Ошондой эле шайлоодогу инклюзивдүүлүктү жайылтуу максатында добуш берүү үчүн столдор, кабиналар жана урналар, маалымат такталары коляскаларды пайдаланган же өз алдынча кыймылдашы оор болгон шайлоочулар үчүн шайлоо участкаларында жеткиликтүү болгондой (бийиктиги, туурасы, кеңдиги жана жайгашкан жери боюнча) жайгаштырылат.
Добуш берүү үчүн бир кабина туурасы 40 см. кем эмес, тереңдиги 30 см.ден кем эмес, полдун деңгээлинен 75 см. өлчөмүндө бийик турган бюллетендерди толтуруу үчүн орун-жай (стол, текче, таянгыч) менен жабдылат Баардык УШКларда чоңойтуучу айнек (лупа) жана/же Брайл трафарети коюлат.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулар деп, активдүү шайлоо укугуна ээ, жалпы шарттарда шайлоо укуктарын толук жүзөгө ашырууну чектөөгө алып келген:
- угуу;
- көрүү;
- таяныч-кыймыл аппаратынын функциялары бузулган, оорулар, жаракаттардын
жекемчиликтердин кесепеттери менен шартталган организмдин функциялары туруктуу бузулган ден соолугу начар Кыргыз Республикасынын жарандары таанылат.
Талапкерлер, саясий партиялар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулар үчүн үгүт материалдарын сурдокотормо же субтитрлөө, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылган, ошондой эле Брайл шрифти же дагы башка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулар үчүн атайын каражаттарды колдонуп, үгүт материалдарынын тиражынын жалпы санынын бир пайыздан кем эмесин жарыялоого милдеттүү.
КРнын БШКсынын маалыматтык борбору.




