Жаңы жылдык куттуктоо!

31 декабря 2020

Урматтуу кыргызстандыктар!

Жаңырган 2021-жыл, Кыргызстаныбыз үчүн тынчтыктын жана туруктуулуктун, жаратмандык менен өнүгүүнүн жылы болсун!
Сизге жана жакындарыңызга бекем ден соолук, бакубатчылык, мээримдүүлүк менен  бакыт каалайбыз!

Урматтуу кесиптештер, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары, мүчөлөрү!

Өтүп бара жаткан жыл шайлоо комиссиялары үчүн оңой болгон жок, парламенттик шайлоо өнөктүгү өткөрүлдү, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдумду уюштуруп өткөрүү процесстери жүргүзүлө баштады.

Шайлоо системасын реформалоону ишке ашырууну камсыздоодо шайлоо комиссияларынын ишине катышып, мекенчилдик бийик сезим менен жарандык милдетиңиздерди аткарганыңыздар үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы Сиздерге терең ыраазычылык билдирет!

Келе жаткан жыл дагы шайлоо өнөктүктөрүнө бай, Борбордук шайлоо комиссиясы сиздерди шайлоого даярдануу боюнча бардык чараларды кынтыксыз жана мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырууга аракеттенүүгө чакырат. Ошондой эле туруктуу, мыйзамдуу, акыйкат шайлоону камсыз кылуу үчүн, адаттагыдай бир чоң команда болуп биргеликте иштөөгө чакырабыз! Ар бириңиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, жакшы жетишкендиктерди, ийгилик жана бакыт каалайбыз!

Жаңы 2021- жылыңыздар менен!

Урматтоо менен, Борбордук шайлоо комиссиясы