БШК КР референдумунда №1 «Каршы» (парламенттик республикага) үгүт тобун каттады
31 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 31-декабрындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда иреттик “1” номуру менен парламенттик республикага «каршы» үгүт тобун каттоо жөнүндө токтом кылды. 2020-жылы 30-декабрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына топтун жетекчиси Э.Ы.Барсанаев башында турган парламенттик республикага «каршы» үгүт тобун төмөнкү 11 адам курамында каттоо жөнүндө өтүнмө менен кайрылды:
|
№ |
Аты жөнү |
Туулган жылы, айы, күнү |
|
1 |
Барсанаев Эралы Ырысалыевич (руководитель) |
13.01.1986 |
|
2 |
йтбеков Абдулайхан Айтбекович |
10.04.2000 |
|
3 |
Асанов Йулдашали Ганибек Угли |
03.09.1996 |
|
4 |
Ашыралиев Бакыт Женишбекович |
11.08.1984 |
|
5 |
Бектур Жанарбек |
24.12.1991 |
|
6 |
Насир кызы Мээрим |
01.10.2001 |
|
7 |
Омуржанов Адилет Майрамбекович |
02.12.1990 |
|
8 |
Табалдыев Жазбек Табалдыевич |
21.05.1992 |
|
9 |
Шабданова Дариякан Сатыбалдыевна |
23.04.1968 |
|
10 |
Шайылдаева Уларкан Мырасбаевна |
04.02.1971 |
|
11 |
Ырысалиев Ильяс Болотбекович |
17.03.1991 |
Токтом Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун чечимин эске алуу менен, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
