БШК Референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгѳ) катталган үгүт топторунун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады

28 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 28-декабрындагы жыйынында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Респубикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгѳ) үгүт топторунун тѳмѳндѳгү финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн, аларга белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүктѳрдү берүү менен, каттоо боюнча токтом кабыл алды:

- Озубеков Аман Буларович, парламенттик республика үчүн “макул” №3 үгүт тобу;

- Юсупов Рахматулла Анваржанович, президенттик республика үчүн “макул” №6 үгүт тобу.

- Омошова Замиар Каналбековна, президенттик республика үчүн “макул” №7 үгүт тобу.

- Мамбеталиева Майрамкүл Ынтымаковна, президенттик республика үчүн “макул” №8 үгүт тобу.

Токтом Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун чечимин эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3,7, 18 - беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү