КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН КҮН ТАРТИБИНИН ДОЛБООРУ

28 декабря 2020

                                                                                              Өткөрүү датасы: 29-декабрь 2020-ж.

                                                                                              Убактысы: 15.00

                                                                                              Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. 2020-жылдын 17-декабрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө.  (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. Ош шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө.  (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевичтин ишенимдүү адамдын каттоо жөнүндө. (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

4. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл добуш берүүдө) үгүт иштерге катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө. (баядамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)

5. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл добуш берүүдө) үгүт иштерге катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын интернет-басылмаларын аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө (баядамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)

6. Д.Бекешевдун кайрылуусу жөнүндө (баядамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)

7.Ар түрдүү маселелер