КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын референдумга катышууга укугу бар, агитация боюнча "макул", "каршы" топторун түзүп жаткан жарандарга кайрылуусу

25 декабря 2020

КР Боршайкому мамлекеттик телерадиокомпанияларда бекер эфирлер 2020-жылдын 28-декабрында башталаарын билдирет.

Эфирге чыгуу форматы:

- жеке кайрылуу;

- тегерек үстөл;

- дебаттар.

"Референдумда ("макул" "каршы") агитация топторунун ишмердигин уюштуруу жана каттоонун тартиби жөнүндө" Жобого ылайык, мамлекеттик телеуюмдар референдумга алынып чыккан суроо (суроолор) боюнча агитация жүргүзүү үчүн "макул" тобуна да, "каршы" тобуна да бирдей шарт түзүүгө милдеттүү.

25-декабрга карата КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы агитация жүргүзүүчү 10 топту каттады:

- президенттик республика үчүн "макул" - 5 агитация тобу;

- президенттик республикага "каршы" - 1 агитация тобу;

- парламенттик республикага "макул" - 2 агитация тобу;

- бардык варианттарга "каршы" - 2 агитация тобу.

КР БШКсы эске салат, 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындалган. Белгиленген мыйзамдын 3-беренеси боюнча добуш берүүчү бюллетенге төмөнкүчө суроонун тексти бекитилген:

"Сиз Кыргыз Республикасын башкаруунун кандай формасын колдойсуз, "президенттик республика", "парламенттик республика", "бардык варианттарга каршы" (Сиз тандаган жооптун тушуна тиешелүү белги коюңуз)".

Пайда болгон суроолор боюнча КР БШКнын Кыргыз Республикасынын референдумунда топтордун агитациясын каттоо тууралуу арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топко кайрылыңыздар: 0312 660 118.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү