Бишкекте шайлоого байланыштуу “Quiz Night” оюну болуп өттү

25 декабря 2020

Бишкекте шайлоо тематикасын билүүгө арналган интеллектуалдык “Quiz Night” оюну болуп өттү. Оюнду КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо системалары боюнча эл аралык өкүлчүлүк менен биргеликте уюштуруп, ЮСАИДдин колдоосу менен ишке ашырды.

Иш-чарага Кыргызстандын медиа-коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Бардыгы 12 команда түзүлдү:

  1. Команда – «Ангелы Азамата». Капитан - Азамат Акенеев.
  2. Команда – «No comment». Капитан - Айсулуу Текимбаева.
  3. Команда «Даканса». Капитан - Семетей Аманбеков.
  4. Команда «Пресс Хата». Капитан - Лейла Саралаева.
  5. Команда «Нечастная лавочка». Капитан - Болот Темиров.
  6. Команда «Аксанат». Капитан - Эльмира Мадиева.
  7. Команда радио «Азаттык». Капитан - Токтосун Шамбетов
  8. Команда «ПолитКлиника». Капитан - Дилбар Алимова
  9. Команда «Майли». Капитан - Перизат Сейтбурхан
  10. Команда «Angry Pandas». Капитан - Жылдыз Ороспакова
  11. Команда «На страже вашей кукурузы». Капитан - Нуржамал Джанибекова
  12. Команда «IBF». Капитан - Умарахунов Ильхам.

 

КР Боршайкомунун төрайымы Н. Шайлдабекова оюндун катышуучуларын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.

“Ар бир үйгө бакыт, ден соолук, бакубат жашоо каалайм. Ар бир жарандын жан дүйнөсүнө жете тургандай кызыктуу темаларды каалайм. Ичинде ар бири өзүн философ сезген адам убакыт келгенде жазам деп ойлойт, а сиздер күнүгө жазып жатасыздар, демек бактылуусуңар. Биздин жарандар шайлоо процессин жакшы түшүнүүсүнө салым кошуп келе жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Өзгөчө 2020-жылы шайлоо тематикасын чагылдыруунун жаңы деңгээлине көтөрүлүп, ал дата-журналистиканын предмети болуп калды. Бардыгыңыздарга түгөнбөс жигер каалйм!”, - деди ал.

Боршайком башчысы алдыда турган референдумга байланыштуу суроолорду берип, туура жооп бергендерге белектерди тапшырды.

(IFES) шайлоо системаларынын эл аралык фондунун Кыргызстандагы директору Рената Левовски да катышуучуларды куттуктады.

“1987-жылдан тарта IFES шайлоо тармагында тажрыйба топтоп жатат, ал дүйнөнүн 145 өлкөсүндө, өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан демократиясы бар өлкөлөрдө иштеп келет. Кыргызстанда IFES жарандык билим берүү, Борбордук шайлоо комиссиясынын потенциалын бекемдеп, анын кесиптик жактан өнүгүшүн колдоп жатат. Ал үчүн узак убакытка стратегиялык пландоо түзүп, процессуалдык жана юридикалык өзгөрүүлөр менен бирге реформаларды да ишке ашырып келет. Биз өзгөчө аялдардын, жаштардын жана кемтилгеси бар адамдардын шайлоо укуктарына бөтөнчө маани беребиз. 2000-жылдан тарта Кыргызстанда IFES жаштарга жарандык билим берүү боюнча иштеп, орто мектептер үчүн жарандык билим берүү боюнча окуу китебин иштеп чыкты, бир катар долбоорлорду - Демократиянын жайкы инклюзивдүү лагери, Жаш Жарандын мектеби, Медиа лаб сыяктууларды ишке ашырууда. Бул жолу мындай демилгени журналисттер арасында ишке ашыралы дедик. Анткени мындай ыкма билимди жана жөндөмдөрдү берүүнүн майнаптуу ыкмасы болуп саналат, биз мындан ары да муну өз иш-чараларыбызда көп пайдаланууга аракет кылабыз. IFES кызыктуу иш-чараларды ойлоп тапканга аракет кылып, аларда интерактивдүү ыкмалар менен биз шайлоо процесси, мыйзам базалары, БШК жоболору жана эл аралык стандарттар, мыйзам бузуулар жана башкалар тууралуу айтабыз”, - деди ал.

Оюндун катышуучулары Кыргыз Республикасынын шайлоо укугун жана шайлоо процессин, башка өлкөлөрдүкүн да билүү боюнча мелдешишти. Шайлоо тарыхы, шайлоо укуктары, аялдар үчүн добуш берүүнүн жеткиликтүүлүгү, шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгү боюнча суроолорго жооп беришти.

Quiz Night жеңүүчүлөрү болуп төмөнкү командалар табылды:

  1. «Азаттык» радиосунун командасы. Капитан - Токтосун Шамбетов
  2. «Ангелы Азамата» командасы. Капитан - Азамат Акенеев.
  3. «Даканса» командасы. Капитан - Семетей Аманбеков.

 

Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү