Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
24 декабря 2020
2020-жылдын 24-декабрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 21-декабрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча протоколун бекитти. 2020-жылдын 7-декабрында КР Боршайкому №414-токтому менен Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону 21-декабрга дайындаган.
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн эки талапкер - Сүйөрбек Исаев жана Талантбек уулу Азамат катталган. Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 21-декабрдагы протоколу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы аныкталды. Добуш берүүгө Гүлчө айылдык кеңешинин 21 депутатынын 18 катышты, С. Исаев 13 добуш, Талантбек уулу Азамат 5 добуш алган.
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 21-декабрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгынын протоколу боюнча Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Сүйөрбек Исаев шайланды.
Гүлчө айыл өкмөтүн башчысын кайра шайлоого арыздар, даттануулар түшкөн жок.
КР БШКсы өз чечимин Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-18-беренелеринин, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесине ылайык кабыл алды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
