БШК КР референдумунда №3 «Макул» (президенттик республикага) үгүт тобун каттады
23 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 23-декабрындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда иреттик “3” номуру менен президенттик республикага «макул» үгүт тобун каттоо жөнүндө токтом кылды.
2020-жылы 23-декабрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына топтун жетекчиси Т.К. Саликеев башында турган президенттик республикага «макул» үгүт тобун төмөнкү 18 адам курамында каттоо жөнүндө өтүнмө менен кайрылды:
|
№ |
ФАА |
Туулган датасы |
|
1 |
Саликеев Тилек Кудайбергенович (жетекчи) |
13.01.1984 |
|
2 |
Мавлянова Мээрим Амангелдиевна |
22.11.1986 |
|
3 |
Андрух Виктор Викторович |
09.06.1981 |
|
4 |
Фаустов Максим Олегович |
10.09.2001 |
|
5 |
Кошалиев Максатбек Кеңешбекович |
30.08.1980 |
|
6 |
Шамыров Урмат Кубатбекович |
27.06.1989 |
|
7 |
Айтбаев Азат Алмазбекович |
13.07.1987 |
|
8 |
Шишман-Оглы Мексут Рустамович |
25.07.1991 |
|
9 |
Третьякова Кристина Владимировна |
11.01.1979 |
|
10 |
Сиркин Максим Сергеевич |
27.07.1988 |
|
11 |
Хашимов Диёрбек Хатамович |
10.06.1991 |
|
12 |
Каримова Салтанат Абакировна |
04.12.2000 |
|
13 |
Абаева Наргиза Мартбековна |
18.05.1996 |
|
14 |
Токторалы уулу Ырыскелди |
06.04.2001 |
|
15 |
Токоев Мирлан Кудайбергенович |
10.03.1980 |
|
16 |
Джакыпов Аян Анарбекович |
14.05.1991 |
|
17 |
Шамырова Мээрим Кубатбековна |
06.04.1985 |
|
18 |
Аскарбек уулу Ренат |
11.05.1993 |
Токтом Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
