КР БШКсы кээ бир АШКнын резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
23 декабря 2020
БШК айрым АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 23-декабрдагы жыйынында Араван, Ноокат, Лейлек жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү:
Араван АШК: - комиссиянын курамынан жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынан Минура Абдикаримованы, Төрөбек Токтосуновду чыгаруу; - комиссиянын резервинен курамына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынан Анаркан Жээнбаеваны, Мубарахан Гапиржанованы киргизүү.
Ноокат АШК: - комиссиянын курамынан "Кыргызстан" саясый партиясынан Улукбек Шапиевди чыгаруу; - комиссиянын резервинен курамына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынан Мамасали Назаралиевди киргизүү.
Лейлек АШК: - комиссиянын резервинен курамына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынан Назакат Максутованы, Авазбек Бердиевди киргизүү.
Чоң-Алай АШК: - комиссиянын курамынан жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынан Аширали уулу Кубатбекти чыгаруу; - комиссиянын резервинен курамына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынан Марбет Кожоеваны киргизүү боюнча токтом кабыл алды. Чечим "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" мыйзамы бо
юнча Араван, Ноокат, Лейлек жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнөн түшкөн арыздын негизинде, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүмүнүн 4-пункту боюнча, КР БШКсы тарабынан 2019-жылдын 6-декабрында №176-токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана алып баруунун тартиби жөнүндө" Жобонун негизинде кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
