КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб Чүй облусунда көчмө жыйын өткөрдү

22 декабря 2020

КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб Чүй облусунда көчмө жыйын өткөрдү               

КР Өкмөтүнүн вице-премьер министри жана республикалык штабдын төрагасы М. Мамытканов жана КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова Чүй облусунун шайлоо участокторунун даярдыгын талкуулашты.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилерине мындай тапшырмалар берилди:

- 2021-жылдын 10-январында өтө турган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларына үзгүлтүксүз байланыш, электрэнергиясы жана транспорттон жардам берүү;

- 10-январда өтө турган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүүнү уюштурууда коронавирус инфекциясынын жайылып кетишинин алдын-алуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо;

-  шайлоо участокторун жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу;                        

- шайлоо участокторунун жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун укук коргоо органдары тарабынан камсыздоо;

- жер-жерлерде шайлоочулардын пайда болгон көйгөйлөрүн чечүү;                                     

- шайлоого даярдыктын жана уюштуруунун жүрүшү тууралуу республикалык штабга убагында кабар берип туруу;                                                                                   

- шайлоо комиссияларын материалдык-техникалык жактан камсыздоо;                   

- шайлоочулар арасында биометрикалык каттоодон өтүү, өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактоо сыяктуу маалыматтык, кеңеш берүү иштерин жүргүзүү;

                                                                                                         

- административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана башка мыйзам бузулган учурларда ыкчам аракет кылуу;                                                                                                                     

- өзгөчө категориядагы жарандар менен иш алып баруу;                                            

- керектөө картасын тактап, калктын кыйналган – мүмкүнчүлүгү чектелген категориясы үчүн шарттарды түзүү (пандустар, кармоочтор, чакыруу кнопкасы менен камсыздоо).    

 - аймактык ЖМКны тартуу менен жергиликтүү тургундар, жаңы конуштар, дача айылдарынын арасында шайлоо участокторун тактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзам бузууларга ыкчам реакция кылуу боюнча шайлоо комиссияларынын ички иштер органдары менен мыйзам бузуулар боюнча өз ара иштешүүсүнүн жоболору боюнча түшүндүрмө берилип, мындан тышкары жарандарга алар боюнча маалымат берүүнүн маанилүү экендиги да айтылды.

Ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушун кароонун тартиби жана мөөнөттөрдү сактоонун прокурордук көзөмөлүнүн маанилүү экендиги да белгиленди. Мындай иштерди кароонун мөөнөтү 2-3 күн.

Ар бир райондо жана шаарда ыкчам аракет кылуучу координациялык топтор (ЫАККТ) түзүлүп, алардын курамына шайлоо комиссияларынын төрагалары жана укук коргоо органдарынын жетекчилери кирет.               

КР БШК Маалыматтык бөлүгү