БШКда КМШ байкоочулар миссиясынын штабынын башчысы О. Кулеба менен жолугушуу болуп өттү

21 декабря 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы КМШ байкоочулар миссиясынын штабынын башчысы О. Кулеба менен жолугушту.

Эки тарап 2021-жылдын 10-январында боло турган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланышкан маселелерди талкуулашты.

КР Боршайкомунун төрайымы шайлоо кампаниясынын жүрүшү, шайлоо органдары тарабынан шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

КМШ байкоочулары алардын миссиясынын негизги максаты - шайлоо кампаниясын жана референдумдун улуттук мыйзамдарга шайкеш келерин баалап жана эркин демократиялуу шайлоо жана референдум өткөрүүгө жардам берүү экендигин билдиришти.

Миссиянын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Шериктештик өлкөлөрүнүн алкагында кабыл алынган документтерге жана шайлоону уюштуруу, референдум өткөрүүнүн эл аралык принциптерине жана ченемдерине ылайык алынып барылат.

КМШ миссиясынын штабы президенттик шайлоо жана референдум боюнча мониторинг жасоо ишине 21-декабрдан тарта киришти.

КР БШК Мааалыматтык бөлүмү