БШК шайлоо комиссияларынын референдумга карата протоколдорунун формасын бекитти

21 декабря 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 21-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүү) карата шайлоо комиссияларынын протоколдорунун формасын бекитүү чечимин кабыл алды. Шайлоо комиссияларынын референдумдун жыйынтыгы боюнча добуш берүүнүн корутундусу жөнүндө протоколдордун формасын атайын форматтагы коргоосу бар кагазга даярдоо бекитилди. Токтом "Кыргыз Республикасындагы референдум жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 34-37-беренелерине, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү