Вознесеновка айлыл ѳкмѳтүнүн башчысы шайланды
21 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-декабрындагы жыйынында КР БШКнын 2020-жылдын 3-декабрындагы № 389 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Панфилов районунундагы 2020-жылдын 17-декабрында болуп ѳткѳн Вознесеновка айыл ѳкмѳтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана натыйжалары жѳнүндѳ Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 17-декабрындагы протоколун бекитүү тууралуу чечим кабыл алды.
Вознесеновка айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан Казымкулов Адилет Бактыбекович кѳрсѳтүлүп катталган.
Кайра добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 17-декабрындагы протоколу менен добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленген, добуш берүүгѳ Вознесеновка айылдык кеңештин 11 депутатынын 6 депутаты катышкан. Добуш берүүдѳ А.Б. Казымкулов 6 добушка ээ болгон, “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн – 0 добуш берген.
Кайра добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 17-декабрындагы протоколу менен А.Б. Казымкулов Вознесеновка айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы белгиленген.
Чүй облусунун Панфилов районунундагы Вознесеновка айыл ѳкмѳтүнүн башчысына добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана кайра добуш берүүнүн натыйжаларына даттануулар жана арыздар келип түшкѳн эмес.
КР БШК “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын Вознесеновка айыл ѳкмѳтүнүн башчысына добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кайра добуш берүүнүн натыйжалары жѳнүндѳ 2020-жылдын 17-декабрдагы протоколдорунун негизинде чечим кабыл алды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
