БШК “Кыргыз Республикасынын референдумунда үгүт топторун (“макул” жана “каршы”) каттоо жана алардын ишин уюштуруу тартиби жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизди
19 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 19-декабрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-ноябрындагы № 191 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын референдумунда үгүт топторун (“макул” жана “каршы”) каттоо жана алардын ишин уюштуруу тартиби жөнүндө” Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды.
1) 1.4. пункт:
- төмөнкү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
“референдумдун катышуучуларына маалымдоо – референдум өнөктүгү мезгилинде референдумдун катышуучуларына референдумга катышууга түрткү берүүгө көмөктөшүүгө, жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө жана референдумдун айкындыгына көмөктөшүүчү маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча иш. Референдумдун катышуучуларына маалымдоо үгүттүн элементтерин же белгилерин камтууга тийиш эмес;”;
- төмөнкү мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
“маалыматтык материал – референдум өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши, референдум участоктору, референдумдун катышуучуларынын тизмесин тактоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү, добуш берүүгө катышуу тартиби, добуш берүү тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана референдумдун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө маалыматты камтыган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;”;
- төмөнкү мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
“референдумдун ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү катышуучусу – шайлоо укуктарын толук кандуу жүзөгө ашырууну чектөөгө алып келген оорулар, жаракаттын кесепеттери же организмдин функцияларынын туруктуу бузулуусу же угуусунун, көрүүсүнүн, таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуусу аркылуу билинген дефекттер менен шартталган, жигердүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жараны.”;
2) 2.9. пунктта “үгүт тобу” деген сөздөрдөн кийин “1-формага ылайык арыз берип,” деген сөздөр менен толукталсын;
3) 3.7.1. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3.7.1. Бардык басма сөз, укма-көрмө үгүт материалдары мындай материалдарды даярдаган уюмдун аталышын жана юридикалык дарегин (адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын жана жашаган жерин), ушул материалдарга тапшырык берген уюмдун, жеке ишкердин аталышын (адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын), аларды даярдоо тиешелүү шайлоо фонддун каражаттарынан төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле алардын нускасы жана чыгарылган датасы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. Басма сөз жана башка үгүт материалдарынын нускалары же алардын көчүрмөлөрү аларды таратуу башталганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүсү керек.
“Макул” топ, “каршы” топ үгүт материалдарынын нускасынын жалпы санынын бир пайызынан кем эмес сандагы бөлүгүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн үгүт материалдарын сурдокотормо же субтитрлөөнү колдонуп, окууну жеңилдетүү үчүн чоңойтулган арип менен, ошондой эле Брайль арибин же башка атайын каражаттарды колдонуп чыгарууга жана таратууга милдеттүү.”.
4) 3.7.2. пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Тиешелүү шайлоо фондунан алдын ала төлөөсүз жана ушул пунктта белгиленген талаптарды бузуу менен үгүт материалдарын даярдоого тыюу салынат.”;
5) 3.7.3. пунктта:
“10” деген сан “35” деген санга алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн орундар референдумдун катышуучуларынын келүүсүнө ыңгайлуу болууга, референдумдун катышуучулары анда берилген маалыматтар менен тааныша ала тургандай жайгашууга тийиш. “Макул” топко, “каршы” топко басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бирдей аянт берилүүгө тийиш. Берилген орундардын аянты анда шайлоо комиссиясынын маалыматтык материалдарын жана “макул” топтун, “каршы” топтун басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн жетиштүү болууга тийиш. “Макул” топ, “каршы” топ референдумду өткөрүү боюнча тиешелүү аймактык комиссиясынан басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн орундардын тизмесин алууга укуктуу.”;
6) 3.8.1. пунктта “согушту пропагандалаган үгүткө” деген сөздөрдөн кийин “башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлери менен көпчүлүк алдындагы иш-чараларды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу менен өткөрүүгө,” деген сөздөр менен толукталсын;
7) 4-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
8) тиркемеге ылайык 2-тиркеме төмөнкүдөй жаңы редакцияда баяндалсын:
Чечим “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү максатында кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
