БШК кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөрттү
19 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 19-декабрындагы жыйналышында Талас облусунун Кара-Буура, Манас, Ош облусунун Чоң-Алай, Чүй облусунун Кемин, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондорунун аймактарындагы төмөнкү кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө токтом кылды:
Талас облусу:
Кара-Буура району
Арал айыл аймагы
- № 6003 шайлоо участогунун дареги Акбай, 85 көчөсүндөгү маданият үйүнүн имаратынан Акбай, 63 көчөсүндөгү А.Үсөнбаев атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн;
Покровка айыл аймагы
- № 6009 шайлоо участогунун дареги М. Кояшев, 63 көчөсүндөгү маданият үйүнүн имаратынан М. Кояшев, 70 көчөсүндөгү Покровка орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;
Кызыл-Жылдыз айыл аймагы
- № 6014 шайлоо участогунун дареги О. Төрөгелдиев, 14 көчөсүндөгү маданият үйүнүн имаратынан О. Төрөгелдиев, 14 көчөсүндөгү М. Рахманбердиев атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн;
Талас облусу:
Манас району
Кайнар айыл аймагы
- № 6022 шайлоо участогунун дареги Кызыл-Туу, 36 көчөсүндөгү маданият үйүнүн имаратынан Кызыл-Туу, 5 көчөсүндөгү Кайнар орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;
Жоон-Дөбө айыл аймагы
- № 6027 шайлоо участогунун дареги Осмонов, 9 көчөсүндөгү айыл клубунун имаратынан Тургумбаев, 5 көчөсүндөгү Осмонов атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн;
Кара-Буура айыл аймагы
- № 6046 шайлоо участогунун дареги Кара-Буура, 7 көчөсүндөгү Умарбеков атындагы орто мектептин эски имаратынан Масадык, 1 көчөсүндөгү Умарбеков атындагы орто мектептин жаңы имаратына өзгөртүлсүн.
Ош облусу:
Чоң-Алай району
Кашка-Суу айыл аймагы
- № 5165 шайлоо участогунун дареги Мурас, 2 көчөсүндөгү спорт залынын имаратынан А. Кожомуратов, 5 көчөсүндөгү Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн;
- № 5166 шайлоо участогунун дареги А. Базаров, 21 көчөсүндөгү спорт залынын имаратынан А. Базаров, 29 көчөсүндөгү айыл клубунун имаратына өзгөртүлсүн;
- № 5167 шайлоо участогунун дареги Тунгуч, 9 көчөсүндөгү маданият үйүнүн имаратынан Өзгөрүш, 1/1 көчөсүндөгү спорт залынын имаратына өзгөртүлсүн.
Чүй облусу:
Кемин району
Кемин шаары
- № 7011 шайлоо участогунун дареги Нур кичи районунун Ладышев, 9 көчөсүндөгү маданият үйүнүн имаратынан Ладышев көчөсүндөгү Кемин РЭС администрациясынын имаратына өзгөртүлсүн.
Ысык-Көл облусу:
Ак-Суу району
Ак-Булуң айыл аймагы
- № 3105 шайлоо участогунун дареги Мамытов көчөсүндөгү айыл клубунун имаратынан Ажыгожоев көчөсүндөгү Б. Мамытов атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.
Жалал-Абад облусу:
Сузак району
Көк-Жаңгак шаары
- № 2075 шайлоо участогунун дареги Асанов Артык-Ажы, 36 көчөсүндөгү соода борборунун имаратынан № 66 көчөсүндөгү «Радуга» бала бакчасынын имаратына өзгөртүлсүн.
Сузак айыл аймагы
- № 2011 шайлоо участогунун дареги А.Юнусов, 2 көчөсүндөгү Сузак айыл өкмөтүнүн имаратынан Сарык Аксакал, 43 көчөсүндөгү Алымжан Юнусов атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн;
- № 2009 шайлоо участогунун дареги Юбилейлик, 179 көчөсүндөгү музыкалык мектебинин имаратынан Каримбердиев, 2 көчөсүндөгү «Философия – 1» орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;
Чечим Кара-Буура, Манас, Чоң-Алай, Кемин, Ак-Суу жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо участогунун орун-жайында жылуулуктун жоктугуна байланыштуу кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык кабыл алынды.
Кара-Буура, Манас, Чоң-Алай, Кемин, Ак-Суу жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
