БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
19 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 19-декабрындагы жыйналышында Алай, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Жумгал, Кызыл-Кыя жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды:
Алай району:
Гүлчө айылдык кеңеши – Чапыев Шайбек Бусурмановичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулду. Мандат Т. Отунчиев атындагы орто мектептин мугалими Олокова Эркгүл Абдисатаровнага өткөрүп берилди.
Кара-Суу району:
Ак-Таш айылдык кеңеши – Амирбеков Баатырбек Салидиновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Кара-Суу РЭСинин инспектору Сали уулу Орозбайга өткөрүп берилди.
Кара-Кулжа району:
Ой-Тал айылдык кеңеши – Иминов Темиркул Акматбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Сатыбалдыев Абдимиталип Жумабековичке өткөрүп берилди.
Жумгал району:
Чаек айылдык кеңеши – Бозбалаев Залкарбек Усеналиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Какелеев Таалайбек Касымалиевичке өткөрүп берилди.
Баткен облусу:
Кызыл-Кыя шаардык кеңеши – Абдуллаев Адылбек Ганыевичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулду. Мандат БЖСМ машыктыруучусу Аматов Жаныбек Женишбековичке өткөрүп берилди.
Сузак району:
Сузак айылдык кеңеши – Жумуков Эмильбек Маматжановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Көк-Арт мектеп-гимназиясынын мугалими Темиров Уланбек Мурзакуловичке өткөрүп берилди.
Абдужаминов Азизбек Азамжановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Камбаров Баходиржон Усманалиевичке өткөрүп берилди.
Жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Алай, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Жумгал, Кызыл-Кыя жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынды.
БШК токтомду “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алды.
КР БШК маалымат бөлүмү
