КР БШК Нарын шаарында Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо боюнча кеңешме өткөрдү

17 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  Н. Шайлдабекованын төрагалыгы алдында төмөн турган аймактык (АШК) жана участкалык (УШК) шайлоо комиссиялары менен Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге Нарын шаарынын мэри Н. Молдокадыров, Нарын райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – акими К. Кудайбергенов, Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Нарын районунун аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын (Нарын шаарында – 21 УШК,  Нарын районунда – 34 УШК) төрагалары катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн уюштуруу маселелери талкууланды, комиссиялардын ишиндеги айрым каталарды жоюу боюнча иш жүргүзүүнүн, добуш берүү жана добуштарды анык саноонун жол-жоболорун катуу сактоонун, идентификация жана добуштарды автоматтык түрдө саноочу АЭУ жабдыктарын пайдалануу көндүмдөрүн жакшыртуунун, маалыматтарды өткөрүп берүүнүн зарылдыгы белгиленди.

Эркин шайлоонун негизи катары добуш берүүнүн купуялыгын камсыздоонун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди. Шайлоочулардын өздөрү тарабынан добуш берүүнүн купуялыгын ачуу учурлары (сүрөткө тартуу ж.б.) көбөйгөндүгүнө байланыштуу мындай фактыларга карата чара көрүүнүн алгоритми талкууланды: бюллетень жараксыз (бузулган) деп таанылышы мүмкүн, шайлоочу комиссиянын мыйзамдуу талаптарын (добуш берүүнүн купуялыгын сактоо, бюллетенди сүрөткө жана көрмөгө тартууга тыюу салуу) аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Мурда өткөрүлгөн КР ЖК депутаттарын шайлоонун сабактарын эске алып, шайлоонун жүрүшүндө мыйзамдарды бузууларга карата натыйжалуу ыкчам чара көрүү жана көрүлгөн чаралар тууралу коомчулукка өз убагында маалымдоо боюнча шайлоо комиссияларынын укук коргоо органдары менен өз ара тыгыз аракеттешүүсүн камсыздоо милдети коюлду.

Район, шаарлардагы АШКлар алдындагы ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор өз иштерин КР БШКнын борбордук ыкчам чара көрүүчү координациялык тобу менен өз ара аракеттешип жүргүзүүлөрү керек. УШКлар менен АШКларга түшкөн бардык даттануулар БШКнын сайтына – Даттануулардын  жана бузуулардын бирдиктүү реестрине ыкчам түрдө өткөрүлүүгө тийиш экендиги белгиленди.

Ошондой эле билим берүү кызматкерлеринин шайлоо процессине катышуусу жөнүндө маселе талкууланды, билим берүү кызматкерлерин үгүт жана КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоого колтамгаларды чогултуу процессине тартууга жол берилбестиги белгиленди.

БШК төрагасы мугалимдердин шайлоо комиссияларындагы иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди, алардын компетенциясы жана жоопкерчилиги шайлоо тутумунун иштешинин маанилүү негизи болуп саналат.

Ошону менен бирге Бузуулар жөнүндө кодексте шайлоону даярдоо мезгилинде комиссия мүчөлөрүнө эмгек акысын сактоо менен эмгек өргүү бербегендик үчүн укуктук жоопкерчилик (айып пул) бар экендиги белгиленди.

Ошондой эле жыйналышта 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) уюштуруу жѳнүндѳ түшүндүрмө берилди, кабыл алынган мыйзам боюнча референдум өткөрүү каралган. Референдумга Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын тандоого байланыштуу суроо коюлууда. УШКларга бекитилген Календарлык планга ылайык референдумду уюштуруу жана ѳткѳрүү этаптары, Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана ѳткѳрүүгө зарыл болгон иш-чараларды ѳткѳрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды бөлүштүрүүнү камсыздоо, ошондой эле ал каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролду камсыздоо жѳнүндѳ айтылды.

Маалымат үчүн:

Нарын шаарында 30 575 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн райондо 21 шайлоо участогу ачылган. Шайлоо комиссияларынын 255 мүчөсү шайлоону даярдоону камсыздоодо.

Нарын районунда 33 009 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн райондо 34 шайлоо участогу ачылган. Шайлоо комиссияларынын 352 мүчөсү шайлоону даярдоону камсыздоодо.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

КР БШК Маалыматтык бөлүмү