БШК коомдук байкоочуну каттады

14 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы ѳзүнүн 2020-жылдын 14-декабрдагы жыйынында КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына келип түшкөн 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо байкоо жүргүзүүнү ишке ашыруу боюнча төмөнкү Коммерциялык эмес уюмдардын эскертмелерин кабыл алуу чечимин кабыл алды:

  • “Эл коррупцияга каршы!” коомдук бирикмеси;
  • “Социалдык технологиялар агентствосу” коомдук бирикмеси.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1 –беренесин,

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин,

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, КРнын БШКсынын 2020-жылдын 24-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө” №263 токтому,

, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы №226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасыныни Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жѳнүндѳ» жобону жетекчиликке алып, КРнын БШКсы тѳмѳндѳгүдѳй чечим кабыл алды:
2021-жылдын 10-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү мезгилине коомдук байкоочу катары “Эл коррупцияга каршы” коомдук бирикмесинен Орозбаков Алмас Сатаркуловичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүк ыйгаруу менен коомдук байкоочу катары КРнын БШКга катталсын.

Бул чечим аймактык шайлоо участкалык шайлоо комиссияларына коммерциялык эмес уюмдардын коомдук байкоочуларын каттоо жана аларга белгиленген формадагы шайлоо күбөлүктөрүн берүү боюнча тийиштүү чараларды көрүү үчүн шайлоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жөнөтүлүшү керек.

БШКнын маалымат бөлүмү