Референдумду даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы бекитилди
14 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 14-декабрындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы бекитүү жөнүндө токтом кылды.
“Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы № 6 Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 8-беренелерин жетекчиликке алып референдумду өткөрүү дайындалды.
Референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу иш-чаралар боюнча шайлоо комиссияларынын чыгымдары мыйзамдар менен кабыл алынган жол-жоболорго ылайык республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. БШК референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу жумуштары/кызмат көрсөтүүлөрү үчүн процессти уюштурууга зарыл болгон гана иш-чараларды эске алып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди, коэффициенттерди, лимиттерди, ставкаларды колдонуу менен чыгымдардын толук сметасын түздү.
Каржылык айкындуулукту арттыруу максатында БШК бюджеттен бөлүнгөн каражаттар боюнча эсепке алууга жана отчеттуулукка карата жаңы ыкмаларды түздү, ал аймактык шайлоо комиссияларына чыгымдардын сметасынын корголгон беренелери боюнча гана акча каражаттарын өткөрүп берүүнү өзүнө камтыйт.
Жүргүзүлгөн оптималдаштырууну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын референдумду даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын 39 946 000 (отуз тогуз миллион тогуз жүз кырк алты миң) сом суммасында бекитти.
Аймактык шайлоо комиссияларына ал каражаттарды максаттуу пайдаланууга контролду камсыздоо тапшырылды.
Чечим “Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы № 6 Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 42-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7, 12, 18-пункттарын, 25-беренесинин 2, 3, 6, 7 -бөлүктөрүн жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
