КР БШКсы 23 эл аралык байкоочуну аккредитациялады
12 декабря 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 12-декабрдагы жыйынында ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун (ДИАУБ) 21 өкүлүн, РФ БШКнан 1 өкүлдү, К. Аденауэр фондунан 1 өкүлдү Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо чечимин кабыл алды. 2020-жылдын 12-декабрына карата БШК 19 өлкөдөн 9 эл аралык уюмдардан 78 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады. КРдагы Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгүнөн - 1 байкоочу, шайлоо системаларынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгүнөн - 1 байкоочу, Молдова БШК - 2 байкоочу, КМШ ПАА - 34 байкоочу, КМШ миссиясы - 4 байкоочу, Азербайжан БШК - 1 байкоочу, ЕККУ ДИАУБ - 33 байкоочу, РФ БШК - 1 байкоочу, К. Аденауэр атындагы фонддон - 1 байкоочу катталды.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-21-пункттарына, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы шайлоодо жана референдумда эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ыйгарым укуктары, статусу жана ишмердигинин тартиби жөнүндө” Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5 бөлүктөрүнө ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
