БШК айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
12 декабря 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 12-декабрдагы жыйынында Бишкек шаарынын, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын аймактарындагы төмөнкү шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүүчү токтом кабыл алды.
Бишкек шаары боюнча - Абдрахманов көчөсү 230а дарегиндеги М. Жангазиев атындагы кыргыз мамлекеттик куурчак театрында жайгашкан №1315-шайлоо участогу Абдрахманов көчөсү 230а көчөсүндөгү Б. Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрына өзгөртүлдү.
Жалал-Абад шаарындагы Кара-Көл шаары боюнча - Серый 1 көчөсүндөгү маданият үйүнүн имаратында жайгашкан №2250-шайлоо участогу, Серый 2 көчөсүндө жайгашкан №3-М. Фрунзе атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлдү.
Чечим Бишкек жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын айрым шайлоо участокторунун даректерин шайлоо участогунда жылуулуктун жоктугунан өзгөртүү боюнча чечимдеринин негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-4-пункттарына ылайык кабыл алынды. Бишкек жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо участокторунун даректери өзгөргөндүгү боюнча шайлоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
