БШК А. Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

11 декабря 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 11-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн А. Мадумаровдун 9-декабрдагы арызынын негизинде мурда дайындалган финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү чакыртып алып анын ордуна башка ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоону "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комисиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-19-пункттарына ылайык токтом кылды:

1. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Адахан Мадумаровдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Анара Байсалованын КР БШКсы тарабынан 2020-жылдын 11-ноябрындагы катталуусу жана ыйгарым укуктуу өкүлгө берилген каттоо күбөлүгү жокко чыгарылсын.

2. Мирлан Полотов Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Адахан Мадумаровдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү