БШК КР Президенти кызматына 12 талапкерди каттоодон баш тартты
11 декабря 2020
БШК КР Президенти кызматына 12 талапкерди каттоодон баш тартты КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 11-декабрдагы жыйынында КР Президенттигине 12 талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө маселени карады. Алардын ичинен 3 талапкерге шайлоо фондун түзбөгөндүгү ага ылайык шайлоо күрөөсүн төкпөгөндүгү, ошондой эле "КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамына ылайык шайлоочулардын кол тамгаларын көрсөтпөгөндүгү үчүн каттаган жок.
1. Назарбек Нышанов;
2. Бакыт Романов;
3. Бакыт Керимбеков.
КР Президенти кызматына 9 талапкерди "КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамына ылайык зарыл болгон шайлоочулардын кол тамгаларын көрсөтпөгөндүгү ошондой эле шайлоо күрөөсүн койбогондугу үчүн аларды каттоодон баш тартылды.
1. Элеонора Турдубекова;
2. Урустем Кабылбеков;
3. Токтайым Уметалиева;
4. Медер Болгомбаев;
5. Ербол Токтогулов;
6. Айбек Эркетаев;
7. Жаныбек Сүйүналиев;
8. Мирлан Калыбеков;
9. Самат Ибраев.
КР БШКсы бул чечимди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 49-52-53-54-беренелерин жетекчиликке алып жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комисссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-18-беренелерине ылайык шайлоо фонддорун түзбөгөндүгү жана каттоого зарыл болгон документтерди көрсөтпөгөндүгүнө байланыштуу кабыл алды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
