БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту
11 декабря 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 11-декабрдагы жыйынында Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жана ваканттык депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин келе жаткан талапкерлерге берүү чечимин бекитүү токтомун кабыл алды.
Ысык-Көл району боюнча: Бостери айылдык кеңешинен Айбек Жапаровдун депутаттык кызмат менен бирге иштей албай турган кызматка барышына байланыштуу анын ыйгарым укугу токтотулуп, мандаты пенсионер Венера Усубалиевага берилди. Ананьево айылдык кеңешинен Бактыгул Ахматовдун депутаттык иш менен бирге иштөөгө болбой турган кызматка баргандыгына байланыштуу ыйгарым укугу токтотулуп, мандаты фермер Бактыбек Базаркуловго берилди.
Жети-Өгүз району: Ак-Дөбө айылдык кеңешинен Медербек Салакуновдун ыйгарым укугу анын көзү өткөндүгүнө байланыштуу токтотулуп, мандаты Ак-Дөбөдөгү жеке менчик чарбалык мектептин бөлүм башчысы Кудайберди Усеновго берилди. Светлая Поляна айылдык кеңешинен Рыскул Калдыматовдун ыйгарым укугу жеке арызына байланыштуу токтотулуп, мандаты Жети-Өгүз электрстанциясынын инженери Алмаз Рыскелдиевге тапшырылды.
Тоң району: Төрт-Күл айылдык кеңешинен Айбек Тилебалдиевдин ыйгарым укугу жеке арызына байланыштуу токтотулуп, мандаты "Карды-Жарык" АВП жетекчиси Курманбек Эсентуровго берилди.
Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, ваканттык депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге берүү Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Тоң аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган. БШК өз чечимин "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине, "Жергиликтүү депутаттардын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
