Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
11 декабря 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 11-декабрдагы жыйынында, Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону таануу токтомун кабыл алды. КР БШКсы 18-ноябрдагы №345-токтому менен 2020-жылдын 7-декабрында Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындаган. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчылыгына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн Нурланбек Жунусов жана Уланбек Эсенали уулу талапкер болуп катталышкан. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы белгилүү болду. Добуш берүүгө Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 31 депутатынын бардыгы тең катышып, Нурланбек Жунусов 16 добуш, Уланбек Эсенали уулу 15 добуш алган. Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Нурланбек Жунусов шайланган. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого арыздар, даттануулар түшкөн эмес. КР БШКсы өз токтомун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 7-декабрдагы протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерине, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесине ылайык кабыл алды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
