Кыргызстанда шайлоочулардын добуштарын ачык-айкын каттоого бардык шарттар түзүлгөн

11 декабря 2020

Бул тууралуу КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова “Шайлоо процессинин маалыматтык камсыздоо ишинин өзгөчөлүктөрү, шайлоодо жаштардын ролу жана добуш сатып алуунун алдын алуу." аталыштагы тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында өлкөдө шайлоо өнөктүгүнүн жакшырышы орун алды, бирок Кыргызстан үчүн эл аралык стандарттагы демократиялык, адилеттүү шайлоо системасына шайкеш келтирүү жумуштары алдыда турат.

“Шайлоо системасын реформалоодо ачык-айкындуулук приоритеттүү маселе катары коюлду. БШК улуттук шайлоо системасын реформалоонун негизинде добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда анын аныктыгына жетише алдык деп ишенимдүү айта аламын. Мындай деңгээлдеги ачык-айкындуулук көпчүлүк өлкөлөрдө жок. Биздин өлкөдө ондогон жылдар бою добуштардын жыйынтыгын фальсификациялоо орун алып, “Бир шайлоочу-бир добуш” принциби камсыздалган эмес. Добуш берүүнүн бурмаланышын жана фальсификациялоону одоно колдонууну жокко чыгаруучу системаны түзүү талабы коюлду. Автоматтык эсептөөчү урналар, идентификациялоо технологиясы аркылуу шайлоонун айкындыгын камсыздашын баалоо жана түшүнүү келечектеги маселе” – деп билдирди Нуржан Шайлдабекова.

Шайлоо процессинде жалпы шайлоочулардын ичинен 30%ды жаштар түзөт жана чоң роль ойнойт. Жаштардын активдүулүгү 2017-жылдагы шайлоолордо улуу муунга салыштырмалуу 15%ды түздү.

“Өткөн 2017-жылдагы шайлоолордо 1,7 млн. шайлоочу катышты. Талапкер, 900 миң добуш алып президент болду. Демек өлкөдө 1,5 млн. болгон жаштар, өздөрү мамлекет башчысын жана парламентти шайлай алат. Болгону активдүү добуш берүүлөрү зарыл”, - деп белгиледи БШКнын төрагасы. Ошондой эле республикада шайлоо системасынын инклюзивдүүлүгүнө басым жасады.

“ДМЧАга карата маалыматтарды алуу жана участокторго жеткиликтүүлүк камсыздалган. Шайлоолорго катышуу боюнча ДМЧАга карата Кыргызстандын мыйзамдары ЕККУ тарабынан алдыда деп белгиленген. Ар бир ДМЧ шайлоочунун дене жаракаты тууралуу муктаждык картасы ар бир шайлоо участокторуна киргизилген. Ошондой эле, Брайлдын шрифтери менен атайын форматта 1% маалымат материалдарын чыгаруу милдеттендирилген. Өткөн шайлоолордо баардык талапкерлер коюлган талаптарды карманышкан. Өз кезегинде БШК атайын форматтагы Конституцияны жана башка материалдарды чыгарып ЖОЖдорго жана библиотекага өткөрүп берди. Шайлоо участоктор 2017-жылы пандус 29%га, 2020-жылдын октябрь айында 75%га камсыздалган. Учурда шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн 100%га жеткирүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына милдеттендирди”- деди Н.Шайлдабекова.

БШК тарабынан камсыздалган каржы айкындуулугу боюнча айтып жатып, КР БШКнын башчысы шайлоо фондусуна өз кирешесине дал келбеген суммадагы каражат салгандар боюнча текшерүүлөр башталганын белгиледи.

“Саясий кызматка көрсөтүлгөндөр салык төлөмдөрүн жашырбаганы абдан маанилүү. Баардык демократиялык коомдогу жарандардын алдында саясатчылардын ушундай жоопкерчилиги маанилү” – деди ал.

Тегерек стол КРдагы Эл аралык шайлоо системасы фондунун өкүлчүлүгү (IFES) тарабынан USAIDдин колдоосунда уюштурулуп, жалпыга маалымдоо каражаттары менен социалдык тармактардын активдүү пайдалануучуларын бириктирди. Тегерек столдун катышуучулары коомчулуктун эрк ниетин билдирүүсүндөгү негизги механизмдери болгон шайлоо процессинде жаштардын активдүүлүгү эркин жана адилеттүү шайлоолорду уюштуруу үчүн ишенимдүү маалыматтар менен камсыздоонун маанисин талкуулашты. ЖМКнын өкүлдөрү Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшүндө чыңалуу учурлары менен коштолуучу шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча суроолорду көтөрүштү. Тегерек столдо 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча “Медиа өнүктүрүү борбору” коомдук фонду жүргүзгөн ЖМКдын мониторингинин натыйжалары көрсөтүлдү.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү