КР БШК Баткен облусунун Баткен шаарында жана Баткен районунда мѳѳнѳтүнѳн мурда президенттик шайлоого даярдыктар боюнча кеңешме ѳткѳрдү
09 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча бобордук комиссиясы Н. Шайлдабекованын тѳрагалыгында мѳѳнѳтүнѳн мурда президенттик шайлоого даярдыктар боюнча тѳмѳн турган аймактык (АШК) жана участкалык (УШК) шайлоо комиссиялары менен жумушчу кеңешме ѳткѳрдү.
Кеңешмеге Баткен шаарынын мэри Рахимов Мамыржан Тойчиевич, Баткен районунун мамлекеттик райондук админичтрациясынын башчысы – аким Маркаев Каланбек Орозович, Баткен облусундагы Баткен шаарындагы (10-УШК) жана Баткен районундагы (46-УШК) аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын тѳрагалары катышты.
Кеңешменин жүрүшүндѳ КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн уюштуруу маселелери каралып, комиссиялардын ишиндеги айрым мүчүлүштѳрдү, добуш берүүнүн жол-жоболорун жана калыс саноону бекем сактоо, идентификациялоо жана добуштарды автоматтык эсептѳѳ, маалыматтарды берүү жабдууларын пайдалануу кѳндүмдѳрүн жакшыртуу иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгы белгиленди.
Өзгѳчѳ эркин шайлоонун негизи катары добуш берүүнүн жашырындуулугун камсыз кылуу маанилүү. Добуш берүүнүн жашырындуулугун шайлоочулардын ѳздѳрү бузуп жаткан учурлардын кѳбѳйүп жаткандыгына байланыштуу (сүрѳткѳ тартып алуу ж.б.) мындай фактыларга таасир этүү алгоритми: бюллетень анык эмес (бузулган) деп таанылышы, шайлоочу комиссиянын мыйзамдуу талаптарын аткарбагандыгы үчүн (добуш берүүнүн жашырындуулугун сактоо, бюллетенди сүрѳткѳ тартууга, видеого түшүрүүгѳ тыюу салуу боюнча) жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экендиги талкууланды.
Өткѳндѳгү КР ЖК депутаттарын шайлооунун сабактарын эске алуу менен, шайлоонун жүрүшүндѳ бузууларга натыйжалуу таасир этүү жана кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ коомчулукка ѳз учурунда маалымдоо боюнча шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын тыкыс ѳз ара аракеттерин камсыз кылуу милдеттери коюлду.
АШКдагы ыкчам таасир этүүчү координациялык топ райондор менен шаарларда ѳз иштерин КР БШКнын ыкчам таасир этүүчү координациялык тобу менен ѳз ара аракетте уюштуруусу зарыл. УШК менен АШКга келип түшкѳн бардык даттануулар БШКнын сайтындагы даттануулардын жана бузуулардын бирдиктүү реестрине ыкчам берилүүсү белгиленди.
Ошондой эле шайлоо процесстерине билим берүү кызматкерлеринин катышуусу, КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоо боюнча үгүт иштерине жана кол топтоо процессине билим берүү кызматкерлерин тартууга жол бербѳѳ маселелери да талкууланды.
БШКнын тѳрагасы мугалимдердин жана шайлоо комиссияларынын иштери үчүн ыраазычылык билдирди, алардын бийик компетенциясы жана жооперчиликтүүлүгү шайлоо системасынын ишинде олуттуу негиз болуп саналат.
Ошондой эле шайлоого даярдыктын мезгилинде комиссиялардын мүчѳлѳрүнѳ эмгек акысын сактоо менен ѳргүү бербегендиги үчүн Бузуулар жѳнүндѳ кодексте юридикалык жоопкерчилик (айып) каралгандыгы белгиленди.
Маалымат иретинде:
Баткен шаарында 15 164 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн шаарда 10 участкасы ачылган. Шайлоого даярдоону шайлоо комиссияларынын 120 мүчѳсү камсыз кылууда.
Баткен районунда 51 543 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн райондо 46 участкасы ачылган. Шайлоого даярдоону шайлоо комиссияларынын 514 мүчѳсү камсыз кылууда.





КР БШК маалымат бѳлүмү
