Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
09 декабря 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 9-декабрындагы жыйынында 3-декабрда болгон Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону таануу токтомун кабыл алды. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону КР БШКсы 2020-жылдын 19-ноябрындагы №358-токтому менен дайындаган. Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчылыгына эки талапкер - Эмилбек Жумуков жана Темирбек Эгембердиев айылдык кеңештин атынан көрсөтүлүшкөн. 3-декабрдагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу менен добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Добуш берүүгө Көк-Арт айылдык кеңешинин бардык 21 депутаты катышкан. Эмилбек Жумуков 13 добушка, Темирбек Эгембердиев 1 добушка ээ болушуп, "бардыгына каршы" позициясына эч ким добуш берген эмес. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 3-декабрындагы протоколу менен Эмилбек Жумуков Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча эч кимден арыз, даттануулар түшпөгөн. БШК өз чечимин Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 3-декабрдагы протоколунун жыйынтыгынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерине, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесине ылайык кабыл алды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
